Тергөө абагынын кызматкерлери укук коргоочулардын көзүнчө камактагы адамды «сабашкан»

The-yin-and-yang-of-ice-and-land-at-Lake-of-the-Woods

Укук коргоочулар текшерүү маалында Бишкектеги №1 тергөө абагындагы камактагы адамдын «сабалышына» күбө болушкан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат.

«Эркиндик үнү» укук коргоо порталы окуя 5-июнда болгондугун билдирди — алардын жактоочусу Асель Койлубаева менен «Кылым шамы» борборунун кызматкерлери Азиза Абдирасулова жана Рысбек Адамалиевдер камактагы адамдын «сабалгандыгынын» күбөсү болушкан.

«Псикалык жактан ооруган камактагы адам кыйноолорду алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан көзөмөл маалында укук коргоочулардын көзүнчө тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан токмоктолду», — деп жазылган «Эркиндик үнү» порталынын сайтында.

Койлубаева Kloop.kgге берген маегинде №1 тергөө абагынын кызматкерлери камерасындагы башаламандыктар үчүн жаза катары камактагы адамды анын көзүнчө сабагандыктарын айтты.

«Жаш жигитти сабагандыктары жаман көрүнүш. Убактылуу кармоочу жайдын кызматкери камерада аны эки жолу катуу түртүп жиберди, анан алар аны алып чыгышып тепкич аянтчасынан дагы эки жолу катуу тебишти да жаакка катуу урушту. Алар үчөө болчу, аны кезектешип уруп жатышты. Бирок ал жыгылып калгандагыдай деңгээлде сабашкан жок, анын денесинде көгөргөн тактар көрүнүп турат», — деди Койлубаева.

Укук коргоочулар окуянын алдында камактагы эки адамдын ортосунда мушташ болгондугун жазышкан.

«А. Азиза Абдирасулова менен сүйлөшүп жаткан маалда аларга дагы бир камактагы адам келип аны түртүп жиберген, анан ал кулак тушка катуу сокку жеп, жыйынтыгында кулагы канап кеткен. Андан соң алар кармаша кетишип, полго жыгылышкан. Аларды тергөө абагынын кызматкерлери бөлүштүрүп башташкан. Кызматкерлердин бири аны жамбаш тушуна тээп, анан тепкич аянтчасына алып чыгып кеткен», — деп жазат «Эркиндик үнү».

Сайттагы маалыматтарга ылайык, камактагы адамды мажбурлап дарылоо үчүн Чым-Коргондогу психиатралдык ооруканага жөнөтүүлөрү керек болчу, бирок андай кылынган эмес.

«Белгисиз себептер менен аны Бишкектен 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Кемин районундагы ооруканага которууга мүмкүн болбой жаткан жана А. тергөө абагында кармалышына каршылыгын билдирип, дайыма камерасында ызы-чуу кылып, башаламандыктарды жасап келген», — деп жазган «Эркиндик үнү».

Камактагы адам кийинчерээк, 7-июнда аны ооруканага которуп жаткандыктарын укук коргоочуларга билдирген.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Ольга Степкичева Kloop.kgге мекемеде кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгын айтты.

«Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы жөнүндө кийинчерээк билдиребиз», — деди ал.

«Эркиндик үнү» Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев менен байланышкан:

«Ким кимди урган же урбагандыгын биз азырынча айта албайбыз. Кызматкерлердин ал аракеттерине юридикалык бааны тергөө аяктагандан кийин беребиз», — деген ал укук коргоочуларга.

Автор: Зарема Султанбекова