3-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын облусунун аймагында иш алып барып келген «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун аймактык уюлунун «жетекчисин» кармады. Бул уюм Кыргызстанда диний-экстремисттик деп табылган.
http://www.youtube.com/watch?v=JaT0K2KQwPo
Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам жергиликтүү жашоочулардын арасында «Хизб-ут-Тахрирдин» идеяларына үйрөтүү боюнча сабактарды өткөрүп келген.
«Ал ушундай сабактарынын бири болуп жаткан маалда кармалды», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.
Учурда шектүү катары кармалган адам Нарын аймактык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта. Ага карата «расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.