Саламаттыкты сактоо министрлиги: Бейтаптар тарабынан эки бишкектик дарыгер сабалды

bol-nitsa

Көчөдөн тепки жеп келген эки киши дарыгерлерге жардам сурап кайрылышып, андан соң аларга кол салышкан. Жабыр тарткан дарыгерлер амбулаториялык дарылануудан өтүп жатышат.

Жабыр тарткан эки «мас» киши кабыл алуу маалында Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлерин сабап салышкан — бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, 9-июнь күнү кечинде көчөдөгү мушташтан жабыр тартышкан Н.Осмоналиев менен Дүйшөбек Назир уулу деген эки жаран ооруканага жардам сурап кайрылышкан.

«Эки бейтап  мас абалында белгисиз адамдар тарабынан сабалышкан», — деди Kloop.kgге берген маегинде Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жардам сурап кайрылышкандар мас абалында болушкан жана дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышкан убакта аларга кол салышкан.

«Осмоналиев зомбулук менен жазалай тургандыгын адепсиз сөздөр менен айтып, коркутуп, клиникалык ординаторду жана нөөмөт менен иштеген дарыгерди сабап башташкан. Алар ошондой эле реаниматолог дарыгерди да чачынан тартышкан», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Кубатбеков клиникалык дарыгердин мурун сөөктөрү сынып, нөөмөт менен иштеген дарыгердин баш сөөгүнүн ткандары жабыркагандыгын, ал эми реаниматолог дарыгердин кан басымы жогорулап кеткенин билдирди.

«Учурда дарыгерлердин бардыгы тең узак убакыттык амбулаториялык дарылануудан өтүп жатышат», — деди башкы дарыгер.

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ИИМ бейтаптардын дарыгерлер менен болгон мушташтарынын болжолдуу себептерин түшүндүрүшпөй эле.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ИИБ) тергөө жүргүзүп жатат.

«Окуя болгон жерге ыкчам топ барган, алар тараптан иштин чоо-жайы такталып жатат. Эгер бейтаптар чын эле башаламандык кылышкан болсо алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мушташ маалында ооруканада аймактык милиция кызматкери нөөмөттө турган. Бирок дарыгерлердин айтымдарында, ал окуяга таптакыр кийлигишкен эмес.

ИИБнин басма сөз кызматынын өкүлү ал милиция кызматкеринин  аракетсиздиги боюнча да тергөө жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Ага сөгүш жарыяланып же кызматынан четтетилиши мүмкүн — муну ШИИБнин башчысы чечет», — деди ал.

Kloop.kgнин журналисттери кол салгандардын версиясын угуу үчүн алар менен байланыша алган жок.

Автор: Нуржамал Жаныбекова