Эки айга жакын убакыт ооган талибдеринин колунда барымтада жаткан кыргызстандык Нургазы Конушбаев мекенине кайтып келди. Учурда ал туугандары менен үйүндө.
Конушбаев учуп келген учак 12-июнь күнү таңкы саат 5те «Манас» аэропортуна келип конду — бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Конушбаев Кыргызстанга келээри менен аны туугандары дароо эле алып кетишти.
«Негизинен 48 күн бою алар эмне менен тамактанышса мен да ошол тамактарды ичип жаттым [...] Жакшы эле мамиле кылышты, аларга каршы эч кандай дооматым жок», — деди Конушбаев журналисттер менен болгон жолугушуусунда.
Кыргызстандык учкуч 21-апрелде, Ооганстандын чыгышындагы Логар аймагында Ми-8 тик учагы менен аргасыз конууга мажбур болушканда барымтага түшүп калган.
Кыргызстандык менен анын жүргүнчүлөрүн барымтага алгандар талибдер болгондугун ооган расмий бийлиги менен 2001-жылы талибдерге каршы компания башкатлагандан бери ал өлкөдө жүрүшкөн Коопсуздукка кол кабыш кылуу эл аралык күчтөрдүн өкүлдөрү билдиришкен.
Ооган жеке авикомпаниясына тиешелүү болгон тик учак начар аба ырайынан улам аргасыз конууга мажбур болгон.
Конушбаев менен бирге аны менен бир тик учакта учуп бара жаткан дагы тогуз адам барымтага алынышкан.
Бүгүнкү күнгө карата ал барымтадагы тогуз адамдын сегизи бошотулду.
Конушбаевден башка бошотулгандардын бардыгы тең Түркиянын жарандары. Талибдерде барымтада Россиянын жараны менен кыргызстандыктын башкаруусундагы тик учак менен учуп бара жаткан дагы бир оогандык адам калды.
«Лента.ру» сайты кыргызстандык менен түрктөр мусулман болгондуктан бошотулгандыктарын билдирди. Азырынча бул маалыматты башка маалымат каражаттыра билдирбей эле.
Автор: Хлоя Гейне
Сүрөт Конушбаевдин «Одноклассники» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды