Көлбаев ооруп калгандыктан тараптардын жарыш сөзү кийинкиге жылдырылды

fotografiya

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда криминал авторитети Камчы Көлбаевдин иши боюнча тараптардын жарыш сөзү угулушу керек болчу. Бирок сот жообуна тартылып жаткан адамдын ооруп калгандыгына байланыштуу отурумду кийинкиге жылдырууга туура келди.

Судья Абдыразак Боромбаев тараптардын жарыш сөзүн 19-июнга белгиледи.

Ал отурумдун алдында ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан телефон чалышып, Көлбаев ооруп жаткандыктан аны сот залына алып келүүгө мүмкүн эмес экендигин кабарлашкандыгын билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматынан Көлбаевдин денесинин температурасы жогорулап, аны ооруканага которгондуктарын Kloop.kgге айтышты.

Басма сөз кызматынын өкүлү сот жообуна тартылып жаткан криминал авторитети 19-июндагы отурумга жеткириле тургандыгын кошумчалады.

Көлбаев

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы соттук процесс эмес.

90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Зарема Султанбекова