Парламент тосмосу кайтарууга жатпаган объект экендигин мойнуна алды

Letchik-iz-KR

Жогорку Кеңеш парламент имаратын курчап турган тосмо өзгөчө кайтаруудагы объект болуп эсептелбей тургандыгын мойнуна алды. Бул маалымат «Ата-Журттун» бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан депутаттарынын иши боюнча өтүп жаткан соттун отурумунда айтылды. Алардын биринин андагы тосмодон ашып түшүшү тагылып жаткан айыпка жүйөдалил катары пайдаланылып жаткан.

Парламенттин иш башкармалыгы «Ата-Журттун» депутаты Жылдызкан Жолдошевага жооп катары тосмо тууралуу өз позициясын билдирди.

Ал катта тосмо «стратегиялык объект болуп эсептелбестиги жана күчөтүлгөн кайтарууга жатпай» тургандыгы жазылган.

«Бишкек мэриясынын токтому боюнча парламент имаратынын айланасы стратегиялык объект статусуна ээ. Тосмолордун статсусу боюнча эч кандай маалымат жок. Тосмо стратегиялык объект болуп эсептелбейт жана күчөтүлгөн кайтарууга жатпайт», — деп жазылган парламенттин катында.

Кат судья тарабынан өткөн жылдын октябрынын башында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митинг маалында бийликти басып алууга аракет кылышкан деп айыпталып жаткан «Ата-Журттун» депутаттарынын иши боюнча Бишкек шаардык сотунун кезектеги – 11-июнда болгон отурумунда окулду.

«Ата-Журттун» лидери — депутат Камчыбек Ташиев — ал митингдин жүрүшүндө парламент имаратынын алдындагы тосмодон ашып өткөн, өз кезегинде бул дагы ал бийликти басып алууга аракет жасаган деген айыпка жүйөдалил катары пайдаланылып жаткан.

Бирок эми Ташиевдин тарапташтары парламенттин бул билдирүүсүнөн кийин окуянын кайрадан каралып чыгышына үмүттөнүп жатышат.

«Биз парламенттен парламент имаратын курчап турган тосмо Жогорку Кеңешке тийиштүү эмес экендиги тууралуу жазылган жооп алдык. Тосмонун имаратка эч кандай тиешеси жок, демек менин кесиптештерим мыйзам бузушкан эмес», — деп билдирди сотто депутат Жолдошева.

Башкы прокуратура сотту теңине албай жатат

11-июндагы отурумдун башка негизги окуясы башкы прокурор Аида Салянованын дагы бир жолу «ата-журтчулардын» иши боюнча сотко келбей коюшу болду. Көзөмөлдөөчү органдын башчысы отурумга күбө катары чакырылган болчу.

Мамлекеттик айыптоочу Салянованын келбегендигин аны суракка алуунун зарылчылыгы жоктугу менен түшүндүрдү.

«Тиешелүү күбөлөрдүн бардыгы тең суракка алынды. Салянованы чакыруу зарыл деле эмес. Башкы прокурор чолоосу тийбегендиктен ар бир сот процессине келе албайт. Кылмыш ишин алып барган адамдар суракка алынган да», — деди мамлекеттик айыптоочу тараптын өкүлү.

Жооп катары сот жообуна тартылып жаткандар Салянованы сынга алышты.

«Башкы прокурор Салянова жөн гана бизден качып жатат. Сулуулук салонуна барууга убакыт табылып жатат го», — деди айыпталып жаткандардын бири – депутат Садыр Жапаров.

Бул башкы прокурордун «ата-журтчулардын» иши боюнча өткөн сот отурумуна биринчи жолу келбей коюшу эмес. Иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатканда жактоочулар Салянованы суракка алууну өтүнүшкөн, бирок көзөмөлдөө органынын башчысы анда да келбей койгон.

«Ата-журтчулардын» иши

Бишкек шаардык сотунда «Ата-Журттун» лидерлеринин ишин кароо аягына чыгып бара жатат. Кийинки отурумда тараптардын жарыш сөздөрү болот да судья өкүм чыгарат.

«Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор өткөн жылдын октябрынын башында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» жана «эл алдында бийликти басып алуу чакырыктарын жасашкан» деп айыпталышууда.

Марттын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттарын «бийликти күч менен басып алуу» беренесин бузууга күнөөлүү деп тапкан.

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бир жарым жылга, Талант Мамытов бир жылга эркинен ажыратылган. Алардын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында өткөргөн жарым жылы бир жыл катары эсептелинет.

Депутаттар айыпталып жаткан калган бардык беренелер боюнча акталышты, алардын арасында элди конституциялык түзүмдү кулатууга чакыруу үчүн жаза каралган 297-берене дагы бар.

Саясатчылар күнөөлөрүн мойундарына алышпай эле.

Авторлор: Хлоя Гейне жана Нурия Рыскулова