«Республиканын» парламенттик көпчүлүктүн курамына киргиси келип жатат

Letchik-iz-KR

 «Республика» фракциясынын депутаттары парламенттеги көпчүлүк коалициясына кирүү боюнча кайрылууга кол коюшту. Алар андан өткөн жылы чыгышкан болчу. Парламенттик көпчүлүктүн курамындагы эл өкүлдөрү республикачылардын демилгесин жактырышты.

«Республика» фракциясынын беш өкүлү парламенттеги көпчүлүк коалициясынын курамына кирүү боюнча анын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат — бул тууралуу Kloopко берген маегинде «республикачы» Нурбек Алимбеков билдирди.

Ал коалицияга кирүү жөнүндөгү кайрылууга «Республика» фракциясынын курамындагы 15 депутат кол койгондугун билдирди.

«Жети-Өгүздөгү, Жалал-Абаддагы окуялар, Кумтөр, өкмөттүн отчету, мунун бардыгы бизди өкмөткө жардам берүүгө түрттү. Анан биз көпчүлүк коалицияга кирүү чечимине келдик», — деди Алимбеков.

Анын партиялашы Нурбек Мурашев дагы ушундай эле пикирде.

Учурда «Ырыс алды — ынтымак» көпчүлүк коалициясынын курамына үч фракция кирет: КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата-Мекен».

Бул партиялардын өкүлдөрү «Республиканын» парламенттик көпчүлүктүн курамына кирүү боюнча чечимин колдошту.

«Негизине мен каршы эмесмин. Жалгыз гана алар кандай шарттар менен киргилери келип жатат. Амбициялуу шарттар болот го, эгер андай шарттар жок болсо макул», — деди КСДП партиясынын мүчөсү Замирбек Алымбеков  Kloop.kgге берген маегинде.

«Ар-Намыстын» депутаты Замир Бекбоев республикачылар өлкөнүн саясий жашоосуна активдүү катышуу үчүн парламенттик көпчүлүктүн курамына киргилери келип жатат деп эсептейт.

«Алар [“республикачылар”] саясий жашоодон четте калып жаткандыктарын түшүнүүдө, ошондуктан фракция бул ишке активдүү катышуу чечимине келген. Мен аларды колдойм», — деди Бекбоев.

Социал-демократтар фракциясынан парламентарий Бактияр Кадыров «Республиканын» коалицияга кириши Кыргызстандын позициясын бекемдейт деп эсептейт.

«Республиканын» курамында жардам бере турган билимдүү, сабаттуу адамдар бар. Партиянын коалицияга кириши алардын бийлик органдарында болуусуна шарт түзөт жана бул Кыргызстандын позициясын гана бекемдемек. Анда өлкөгө керектүү, жогорку квалификациялуу чарбачылдар көп», — деп ишенет ал.

Керектүү учурду кармады

Саясий серепчи Марат Казакпаев «Республика» партия лидери Өмүрбек Бабановду вице-премьер кылуу үчүн коалицияга умтулуп жатат деп эсептейт.

«Оппозицияда болуу аларга саясий, экономикалык дивиденддерди бербейт, ошондуктан алар кандайдыр бир жолдор менен бийликте болуп, өкмөттүн системасына өкүлдөрүн киргизүү үчүн коалицияга кошулуу чечимине келишти. Бабанов кайрадан эле вице-премьер болгусу келип жатат», — деди Казакпаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал «Республика» оппозицияда өз ордун таппагандыгын кошумчалады.

«Биринчиден — алар нормалдуу, жыйнак электорат чогулта алышкан жок. [...] Шайлоолордо аларга акча да жардам берген жок, көрсө андан административдик ресурс күчтүүрөөк экен», — деп жыйынтыктады Казакпаев.

Сайсия серепчи Марс Сариев «Республика» коалицияга кирүү үчүн ийгиликтүү учурду тандап алды деп эсептейт.

«Учурдагы кырдаал көпчүлүк коалициясын бекемдөө керек деген абалда турат. Коалициядагы депутаттардын ортосундагы мамилелер сууп, фракция лидерлеринин ортосунда оолактоо байкалат. Ошондуктан мен «Республика» керектүү – анын көпчүлүк коалицияга киришине мүмкүнчүлүк бар учурду кармады деп ойлойм», — деп эсептейт Сариев.

Учурдагы «Ырыс алды – ынтымак» парламентик коалициясы өткөн жылдын сентябрында негизделген. Анын курамына КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары киришкен.

«Республика» «Ата-Мекен» партиясы менен болгон чырынан кийин таркап кеткен буга чейинки коалициянын курамында болгон.

Өткөн жылдын жайында партиялар өз ара айыпташууга түшүшкөн. «Республика» «Ата-Мекенди» 2010-жылдагы төңкөрүш маалындагы талап-тоноочулукка тиешеси бар деп айыптаган.

Өз кезегинде «Ата Мекен» фракциясы анда премьер-министр кызматындагы «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган, бул үчүн ал Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, 12 миллион АКШ долларына бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген, деп айыптаган.

Буга чейинки коалиция таркагандан кийин Бабанов премьер-министрлик кызматтан кол жууган, «Республика» болсо жарым жылдай убакытка оппозицияга кеткен.

Автор: Нуржамал Жаныбекова