Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Эстония курамасына каршы беттешинде тең чыгып, өз тарыхында биринчи жолу европалык командага жеңилген жок.
Эстония оюн эсебин биринчи жарым бөлүктөгү кошумча мүнөттөрдө ачты — Сандер Пури Сергей Мошников тарабынан айып аянтчасынан көтөрүлүп берилген топту башы менен таамай туштоого жетишти.
Бирок талаа ээлеринин кубанычы көпкө созулган жок — беттештин 67-мүнөтүндө Мака Кум дээрлик талаанын ортосунан Дэвид Теттеге топту чыгарып, чабуулду баштап берди. Өз кезегинде Тетте топту кыска берүүсү менен эстон коргонуусунан суурулуп чыккан Вадим Харченконун сокку узатуусуна ылайыктуу өңүткө чыгарып берди.
Харченко топту атаандашынын дарбазасынын так борбордук бөлүгүнө туштап, чабуулду аягына чыгара алды.
Таллиндин «Ле Кок Арене» стадионунда өткөн бул беттеш Кыргызстан үчүн тарыхый беттеш болуп калды — анткени курама команда 20 жылдык тарыхында Футбол ассоциациясынын европалык союзунун (УЕФА) мүчөсү болгон командаларга каршы оюнунда биринчи жолу жеңилүү ызаасын тарткан жок.
Команданын активинде учурда УЕФАнын мүчөсү болгон Казакстанга каршы беттешиндеги тең чыгуу эсеби бар, бирок ал кезде түндүк коңшубуз Азия футбол конфедерациясынын мүчөсү болуп турган.
Улуттук кураманын Эстонияга каршы беттеши Кыргызстандын тарыхында УЕФАнын мүчөсү болуп турган командалар менен болгон оюндарынын алтынчысы болду.
Сергей Дворянковдун башкаруусундагы команда өзүнүн европалык турнесин 14-июнда, Кишинев шаарында Молдова курамасына каршы беттеши менен улантат.
2013-жылы Кыргызстан үчүн болуп көрбөгөндөй көп жолдоштук беттештерди өткөрүү пландалган, алардын арасында УЕФАнын мүчөсү болгон Азербайжан менен Белоруссия курамалары да бар.
Өлкөнүн футбол федерациясы бул оюндар АФКнын 2014-жылдагы Чакыруу кубогуна даярдануу максатында өткөрүлүп жаткандыгын билдирүүдө. Кыргызстан аталган мелдештин финалдык бөлүгүнө 2013-жылдын март айында болгон тандап алуу оюндарындагы ийгиликтеринин аркысында өткөн.
Курама команданын Чакыруу кубогунда утушу тарыхта биринчи жолу анын Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүндө ойноосуна мүмкүндүк берет.
Кыргызстан футболчуларынын европалык курамаларга каршы ойногон бардык оюндары:
- 15-ноябрь 2000-жыл. Эстония 1-0 Кыргызстан (Курессааре, Эстония)
- 5-июль 2006-жыл. Казахстан 1-0 Кыргызстан (Алматы, Казахстан)
- 7-март 2007-жыл. Казахстан 2-0 Кыргызстан (Шымкент, Казахстан)
- 11-март 2007-жыл. Азербайджан 1-0 Кыргызстан (Шымкент, Казахстан)
- 1-июнь 2012-жыл. Казахстан 5-2 Кыргызстан (Алматы, Казахстан)
- 11-июнь 2013-жыл. Эстония 1-1 Кыргызстан (Таллинн, Эстония)
Автор: Бектур Искендер