Өткөн жылдан бери Бишкектин жаңы конуштарынын биринде 9 жашар баланын өлтүрүлүшү боюнча өтүп келе жаткан сот процесси дээрлик бир жылдан бери создуктурулуп келүүдө. Бүгүн кылмыш кылган деп айыпталып жаткан бала багуучу аялдын жактоочусу судья менен прокурорду алмаштырууну талап кылды. Каза болгон баланын апасы процесстин атайылап эле создуктурулуп жаткандыгына ишенет.
Эрлан Жайнарбек уулунун өлүмүнө аны баккан жалданма аял Жайнагүл Баймуратова менен баланын үй-бүлөсү жашаган батирдин ээси Шайлоо Исмаиловалар айыпталып жатышат.
Айыпталып жаткандардын жактоочулары судья Бекболот Жагалиев менен прокурор Кыял Узакбаевдерге «ишенбегендиктен» алардын алмаштырылышын талап кылышты.
Аларды алмаштыруу же ордунда калтыруу маселеси кийинки, 25-июнда боло турган отурумда каралат.
Ошондой эле сот жообуна тартылып жаткандардын жактоочулары кошумча экспертизаларды өткөрүүнү талап кылышты — баланын денесинде ачык жарааттардын жок болгондугуна карабастан анын кийиминде кандын тактары табылган.
Жактоочулар кийимдеги кандын тактары баланы өлтүргөн кылмышкердин каны болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.
Бирок каза болгон баланын апасы Мээрим Турсуналиева менен анын жактоочусу Тимур Султановдор процесс атайылап эле создуктурулуп жатат деп эсептешип, кошумча экспертизанын өткөрүлүшүнө каршы болуп жатышат.
Судья сот жообуна тартылып жаткандардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Сот отурумуна катышкан укук коргоочу Рита Карасартова Kloop.kgге берген маегинде жабыр тарткан тарап кошумча экспертизанын өткөрүлүшүнө эмне себептен каршы болуп жаткандыгын түшүнбөй атканын атты.
«Эгер айыпталып жаткандар эркиндикте жүргөн болушса алар: “Баланы өлтүрүп салышты да, анан эркиндикте жүрүшөт” деп айтышса болмок. Бирок алар камакта да! Экспертиза өткөрүлгөн убакта деле алар камакта болушат. Түрмөгө караганда тергөө абагындагы шарттар начар», — деп эсептейт Карасартова.
Андан сырткары отурумга Исмаилованын апасынын чакыруусу менен акыйкатчы аппаратынын өкүлү да келген, бирок ал өкүм чыгарылганга чейин процесс тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
«Муунтуп өлтүрүшкөн»
Жайнарбек уулун өлтүрүү өткөн жылдын март айында Бишкектеги жаңы конуштардын биринде болгон. Анын денеси муунтулган белгилери менен ооруканага жеткирилген.
Жактоочу Султановдун айтымында, Баймуратова менен Исмаилова баланын үй-бүлөсүнүн бөлмөсүндө ири суммадагы акча сакталаарын билишкен жана аны уурдап алгылары келген.
Тергөөнүн версиясы боюнча, бала ал күнү үйүнө демейдегиден эрте келип, капыстан аялдардын кылмышынын үстүнөн чыгып калган соң алар Жайнарбек уулун муунтуп өлтүрүшкөн.
Соттук териштирүүлөр башталгандан бери сот жообуна тартылып жаткандар бири-бирин күнөөлөп келишет.
Автор: Зарема Султанбекова