HRW: Орусия июнь окуялары боюнча айыпталып жаткандарды Кыргызстанга өткөрүп бербеши керек

fotografiya

Жакынкы күндөрү Орусиянын Жогорку соту 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуу маалындагы башаламандыктар боюнча айыпталып жаткан үч өзбек улутундагы адамды Кыргызстанга өткөрүп берүү маселесин карайт. Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Вотч» уюму Орусияны Кыргызстанда кыйноо коркунучу бар болгондуктан аларды өткөрүп бербөөгө чакырып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Орусиянын Башкы прокуратурасы Гаирбек Салиевди, Бахтияр Мамашевди жана Махаммадилло Кадыржановду Кыргызстанга өткөрүп берүү чечимин чыгарган, бирок бул чечим боюнча өлкөнүн Жогорку сотуна даттанышкан.

Салиевди өткөрүп берүү боюнча сот отуруму 19-июнда болот.

«Ал адамдар Кыргызстанга кайтарылып берилсе кыйноо тобокелчилигине туш болушаары турган иш. Эл аралык нормаларга ылайык, Орусия аларды өткөрүп бере албастыгы бийликтегилерине түшүнүктүү болушу керек», — деп эсептейт «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун Борбордук Азия жана Европа боюнча директору Хью Уильямсон.

Салиев, Мамашев жана Кадыржановдор өткөн жылдын февраль жана май айларынын аралыгында Орусиянын Орлов облусунда кармалышкан.

Федералдык миграция кызматы алардын Кыргызстанда улутуна карап куугунтукка алынып жаткандыгынан чочулап, качкын статусун берүүсүн өтүнгөндүктөрүнө карабай бербей койгон, деп жазган HRW.

Кыргызстандын бийлиги анда кармалган адамдарды «Санпа» пахта заводунун жанындагы башаламандыкка катышкан деп айыптап жатат. Ал окуянын жыйынтыгында бир нече ондогон адам каза болгон.

Жалпысынан ал иш боюнча 19 адам соттолгон, алардын 18и — өмүр бою эрктеринен ажыратылышкан.

«Улутуна карап бөлбөйбүз»

Эл аралык укук коргоо уюмдары 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин узак мөөнөттөргө эркинен ажыратылгандардын негизги бөлүгү өзбек улутундагылар болуп жаткандыгын айтып, Кыргызстандын бийлигин бир нече жолу сынга алышкан.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адыл Оморов Kloop.kgге берген маегинде анын мекемеси качан гана укук коргоочулар расмий жооп бергенден кийин алардын билдирүүлөрү боюнча комментарий бере тургандыгын айтты.

Буга чейин Кыргызстандын ИИМи HRW уюмунун кыргыздарга караганда өзбектер көп жоопко тартылып жатат деген билдирүүлөрүн четке каккан болчу.

«Биз адамдардын ал окуяны тезирээк унутушун жана жаңжалдын жөнгө салынышын каалап жатабыз, бирок Хьюман Райтс Уотч дайым эле кайсы бир куру фактыларды басып чыгарып жатат. Бизде, милиция кызматкерлеринин арасында улутуна карап бөлүнүү жок», — деген басма сөз кызматынын кызматкери үстүбүздөгү жылдын февралында Kloop.kgге берген маегинде.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт Орусиянын Жогорку сотунун сайтынан алынды