Парламент комитети Транзиттик жүк ташуу борборунун «Манас» аэропортунан чыгарылышын жактырды

Tankers fuel the fight

11-июнда Жогорку Кеңештин профилдик комитети америкалык Транзиттик жүк ташуу борборунун чыгарылышы жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Ал документке ылайык, база өлкөдөн 2014-жылы чыгарылышы керек.
11-июнда Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбор боюнча макулдашууну жокко чыгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды

Ал мыйзам долбооруна ылайык, америкалыктар базасын 2014-жылдын июнуна чейин өлкөдөн чыгарып кетиши керек.

Мыйзам долбоору дагы бир – Эл аралык иштер боюнча комитеттин колдоосун алышы керек. Андан кийин гана макулдашууну жокко чыгаруу жөнүндөгү маселени парламент карайт да ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Комитеттин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Кыргызстан америкалыктардын ижара акы катары төлөп жаткан акчасын жогото тургандыгына карабастан Транзиттик жүк ташуу борборун өлкөдөн чыгарыш керек деп эсептейт.

«Менин оюмча, 60 миллион долларлык жоготуу бюджет үчүн өтө деле чоң сумма эмес. Биз демилге көтөрүп чыгышыбыз керек, болгондо да саясий демилге, анткени “Манас” аэропорту эл аралык аэропорт болуп саналат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Парламенттик «Ар-Намыс», КСДП жана «Ата Мекен» фракциялары бул маселени карап чыгышып, мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

13-июндан баштап милдетин аткарып баштаган «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борборунун жаңы башчысы Джон Милорд АКШ базасын Кыргызстандан чыгарабы жокпу азырынча билбестигин айтты.

«Учурда Транзиттик жүк ташуу борборун жаап, өлкөдөн чыгып кетүү боюнча маселе Кыргызстандын өкмөтү менен бирге талкууланып жатат. Алардын кандай чечимге келишкендигин мен билбейм», — деди Милорд  Kloop.kgге берген маегинде.

Америкалык «Манас» авиабазасы — учурдагы Транзиттик жүк ташуу борбору 2001-жылы, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин мезгилинде иштеп баштаган.

Учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2014-жылы америкалык транзиттик жүк ташуу борборун Кыргызстандан чыгаруу боюнча бир нече жолу билдирүү жасаган — бул боюнча ал алгачкы жолу өлкө башчылыгы кызматына киришип жатканда, экинчи жолу орусиялык «Москва жаңырыгы» радиосуна берген маегинде билдирген.

Бул боюнча реакциясын АКШ бийлиги токтоосуз билдирген — АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Блэйк Атамбаев менен жүк ташуу борборунун жайгашуу мөөнөтү боюнча бир нече жолу жолугушуп, маселени талкууга алышкан.

Атамбаевдин авиабазаны 2014-жылы чыгаруу чечимин Орусия бийлиги жактыруу менен кабыл алды — мындай позициясын Орусия ТИМинин Кыргызстандагы расмий өкүлү Александр Лукашевич билдирген.

«Биз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин борбор боюнча 2014-жылдан кийин АКШ менен макулдашууну узартпоо жана ал объектини аскердик эмес Эл аралык жарандык транспорт ташуу түйүнү кылып түзүү ниетин жактыруу менен кабыл алдык», – деп билдирген Лукашевич май айынын башында

Аскердик маселе

Транзиттик жүк ташуу борборунун өлкө аймагында жайгашуусу боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн аякташы Ооганстандагы америкалык аскерлердин негизги бөлүгүн чыгарып кетүүнүн мөөнөтү менен туура келип калууда.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уэнди Шерман Америка Кошмо Штаты 2014-жылдан кийин Кыргызстанга кайсы бир аскерий жабдууларын калтыруу маселесин азырынча караштырбагандыгын, бирок кийинчерээк бул маселе көтөрүлүп калышы мүмкүндүгүн билдирген.

«Азыр бул тууралуу талкуу жүргүзүү эртерээк болуп калышы мүмкүн. Менин билишимче, азыр чечим чыгарыла элек, бирок эгер шартка ылайык келип, анын зарылчылыгы келип чыкса ал келечекте талкууга ала турган предметке айланып, андай чечим кабыл алынышы мүмкүн», — деп билдирген АКШнын өкүлү.

Ал кошумчалагандай, эгер АКШ Кыргызстанга кайсы бир аскерий жабдууларын калтырган күндө да алар «зыян келтире турган» куралдар болбойт. Шерман азырынча АКШ Кыргызстанга кандайдыр бир аскердик жактан жардам берүү боюнча пландары жок экендигин белгилеген.

Авторлор: Кубан Макешов жана Нурмухаммед Атамбаев

Редактор: Айдай Токоева