Сот башкы прокурор маалымат алуунун жеткиликтүүлүгү жөнүндөгү мыйзамды бузган деп тапты

fotografiya

Бишкек шаардык соту Башкы прокуратура жөнөтүлгөн сурамга мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүн ичинде жооп бербегендиктен Аида Салянованы мыйзам бузууга күнөөлүү деп тапты. Көзөмөлдөөчү орган өкүм боюнча Жогорку сотко даттанабы жокпу азырынча чечим кабыл ала элек.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы жана «Кыргызтелекомдун» акционерлеринин бири болгон Нурбек Токтакунов Салянованы өткөн жылдын августунда сотко берген.

Ал башкы прокурорду «Кыргызтелекомду» текшерүүдө аныкталган «алдамчылыктарды» жашырган деп айыптап жатат    — анын маалыматтары боюнча, компания жабдууларды «жогорулатылган баада» сатып алган.

Укук коргоочунун пикиринде, Салянова анын сурамына мыйзам тарабынан белгиленген эки жумалык мөөнөттүн ичинде жооп бербей, «Маалымат алуунун жеткиликтүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамды бузган.

Ал мекемеден жоопту сурам жөнөткөндөн дээрлик бир ай өткөндөн кийин алган.

«Биз башкы прокурор жөн гана бул алдамчылыктарды жашырып жатат деп болжолдоп жатабыз», – деп жазган Токтакунов өзүнүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

«Прецеденттин» башчысы жоопту көпкө күткөндүгү үчүн моралдык зыян катары Саляновадан беш миң сом талап кылган. Бишкек шаардык соту Салянованы «Маалымат алуунун жеткиликтүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамды бузган деп таап, укук коргоочунун сурамы боюнча иш жүргүзгөн анын кол алдындагы кызматкерлерине сөгүш жарыялоо өкүмүн чыгарды.

Бирок сот мыйзамда андай норма жазылган эмес деп моралдык зыян үчүн компенсация төлөтүүдөн баш тартты.

«Азырынча мен соттун Салянованы күнөөлүү деп тапканына жана кызматкердин [сурамга түздөн-түз жооп даярдаган] тартип жоопкерчилигине тартылгандыгына карата коомдук уяткарууларга ыраазымын», — деди Токтакунов Kloop.kgге берген маегинде.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы алар соттун бул чечими боюнча жогорку инстанцияга даттанышабы жокпу азырынча билбейт.

«Азырынча биз соттун токтомун күтө турабыз, андан кийин гана чечебиз», — деди көзөмөлдөө органдын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев.

Буга чейин укук коргоочу бул иш боюнча райондор аралык сотто да жеңип алган. Бирок Башкы прокуратура ал өкүм боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Бул Токтакуновдун Салянованы биринчи жолу сотко бериши эмес.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде ал «Жарандарды Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кабыл алуунун эрежелери жөнүндөгү» жобо боюнча жөнөткөн сурамына жооп бербегендиктен башкы прокурорду сотко берген. Бул иш боюнча соттук процесс баштала элек.

Автор: Алексей Ким