«Кумтөр» Ысык-Көл облусунун 3 чакырым жолун оңдойт

fotografiya

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Кумтөр» алтын кенине ээлик кылган канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы  Ысык-Көл облусундагы жолдорду оңдоо үчүн 3 миллион доллар каражат бөлө тургандыгын билдирди. Компания июлдун башындагы митинг катышуучуларынын калган тараптарын аткарабы жокпу азырынча белгисиз.

Биринчи вице-премьер-министр иш сапары менен «Кумтөргө» кетти, деп жазылган өкмөттүн сайтында.

Ал Бөкөнбаев айылынан токтоп, журналисттерге ал жерден Тоң айылына чейинки үч чакырымга созулган жол «Центерра Голд Инктин» каражатынын эсебинен оңдолоорун билдирди.

Министрлер кабинетинин сайтына ылайык, жолдун ар бир чакырымы үчүн канадалык компания 1 миллион АКШ долларын бөлөт.

«Учурда өкмөт 144 чакырымга созулган Балыкчы-Барскоон унаа жолун оңдоо иштерин баштоо боюнча «Центерра Голд Инк» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болуп, жакынкы 5-6 жылдын аралыгында жолдун аталган бөлүгү толугу менен оңдолот деген үмүттөмүн», — деди Оторбаев.

Ал ошондой эле «Кумтөр» тарабынан каражат бөлүнүп жаткан «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун» көзөмөлдөө кеңешинин курамы жаңылана тургандыгын белгиледи.

«Мындай чара Фонддогу каражаттын бир дагы сому белгиленген жумуштардан сырткары эч жакка жумшалбашы үчүн зарыл. Жыл сайын бөлүнүп жаткан 10 млн. доллар каражаттын бардыгы тең Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын социалдык, турмуш-тиричилик көйгөйлөрүнүн чечилиши үчүн жумшалышы керек», — деп билдирди басма сөз кызматы биринчи вице-премьер-министрдин айткандарын.

«Кумтөрдүн» басма сөз кызматынын өкүлү Марина Гаврилова Kloop.kgге берген маегинде Бөкөнбаев-Тоң унаа жолун оңдоо ысык-көлдүктөрдүн июндун башында койгон талаптарынын аткарылып баштагандарынын алгачкылары экенин билдирди.

Компаниянын нааразы болгон элдин калган талаптарын аткараар-аткарбасы тууралуу маселе Оторбаевдин иш сапары аяктагандан кийин белгилүү болот, деди Гаврилова.

Ысык-Көл облусундагы митинг май айынын аягында башталган. Анда нааразычылык акциянын катышуучулары «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышын талап кылышкан. Алар бир нече күн бою кенге бара турган жолду тосушуп, аны камалап турушкан. Ошондой эле аны эки жолу электр жарыгысыз калтырган.

Ысык-Көл облусуна премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барып, өкмөт андагы чогулгандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин аймактагы митинг токтоп, заводдун иши кайрадан жандандырылган.

Ысык-Көлдөгү митингдер менен катар 31-майда Жалал-Абад облусунда да нааразычылык акциясы башталган. Демонстранттар облустук мамлекеттик администрациянын имаратын басып алышып, «элдик» губернатор катары Медер Үсөновдү дайындашкан, кийин ал атайын кызматтагылар тарабынан кармалган соң эл Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышкан.

Митинг 5-июнда, Үсөнов Жалал-Абаддын жашоочуларынын жеке кепилдиги менен УКМКдан чыгарылгандан кийин аяктаган.

Автор: Зарема Султанбекова