Кыргызстанда Орус драмтеатрынын мурунку директору алгачкы жеке көрүстөн ачты

fotografiya

Орус драмалык театрдын мурунку башчысы Борис Воробьев эң алгачкы жеке көрүстөн ачты. Ал тапта мамлекеттик көрүстөндөрдүн бардыгы тең толуп калган, а жаңысы болсо күзүндө гана ачылат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Орус драмалык театрдын директору кызматынан четтетилген Воробьев Военно-Антоновка айылында алгачкы жеке көрүстөн ачты. Анын аянты 3,5 гектарды түзөт.

Театрдын экс-жетекчиси Kloop.kgге берген маегинде Орус драмалык театрдын директору болуп турган кезде «ыңгайсыз» болгондуктан жеке көрүстөнү менен алектенбегендигин айтты.

«Буга чейин мен театр менен алектенчүмүн жана жеке көрүстөн ачуу ыңгайсызыраак болчу. А азыр мен кызматтан кеткенден кийин алар менен соттошкончо ушул иш менен алектенем», — деди ал.

Драмтеатрдын мурунку директору көрүстөн үчүн жерди атайын сатып албагандыгын айтты.

«Военно-Антоновка айылында айылдык көрүстөн бар. 90-жылдары мен курулуш менен алектенчүмүн, анан ага жанаша жайгашкан мага тиешелүү 3,5 гектар жер бар экен. Азыр шаарда көрүстөндөр жетишпей жатпайбы, анан мен ал жерлерди каза болгон адамдарды көмүү үчүн сатуу чечимине келдим», — деди Воробьев.

Ал Бишкектеги аза агенттиктеринин бир нечеси менен келишим түзүп койгондугун билдирди. Ал көрүстөндөгү бир орун 200 долларды (9 миң сомдон ашык) түзөт.

Борбордогу аза кызматтар бюросунун башчысы Кадырбек Чикеев Kloop.kgге берген маегинде учурда мамлекеттик көрүстөндөрдө орун жок калгандыгын, жаңысы болсо күзүндө ачыла тургандыгын билдирди.

«Азыр орун жок калды, бирок биз Гроздь айылында жаңы көрүстөн ачып атабыз», — деди ал.

Ала-Арча көрүстөнүнүн жумушчусунун айтымында, ал жерге бир адамдын көмүү 3,5 миң сомду түзөт.

Жалпысынан Бишкекте жана анын айланасында беш көрүстөн бар:

  • Түштүк-Батыш
  • Ала-Арча
  • Дунган
  • Түндүк
  • Туугандык

Автор: Айзирек Алмазбекова

Редактор: Айдай Токоева