Саясий серепчилер: «Ата-журтчулардын» акталышы — «саясий чечим»

IMG_9298

Саясий серепчилер «Ата-Журттун» лидерлерине карата чыгарылган актоо өкүмүнүн бийликтегилер кийлигишкен соң чыгарылгандыгына ишенишет. 17-июнда Бишкек шаардык соту саясатчыларды актап, сот залынан эркиндикке чыгарган.

Серепчилер Башкы прокуратура саясатчыларды күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан деп айыптап, аша чаап жибергендиктерине ишенишет.

«Мыйзам бузуу фактысы болду. Алар тосмодон ашып өтүшкөн, бирок Ак үйгө кирип барышкан эмес жана кандайдыр бир материалдык чыгым алып келишкен эмес, ошондуктан бул берене административдик тартип бузуу же бейбаштык беренсине эле туура келмек», — деди саясий серепчи Марат Казакпаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал буга карабастан сот айыпталып жаткандарды толугу менен актабашы керек болчу деп эсептейт.

«Бул жерде саясий фактор болду. Алардын күтүүсүз акталышы дагы жаңылыштык. Мен аларга айып пул төлөтүү керек болчу деп эсептейм. А сот системасы аларды актап чыгарып туура эмес кылды. Бийликтегилер материалдык чыгым талап кылууга толук укуктуу», — деп божомолдойт Казакпаев.

Чыр-чатактарды алдын алуу боюнча «Эгалите» агенттигинин талдоочусу  Иван Каменко дагы соттун өкүмүнө саясий фактор таасирин тийгизди деп эсептейт.

«Тил алчаак сот бийлиги мамлекет башчысынын буйругун аткарды, ошондуктан Ташиев толугу менен акталып эркиндикке чыкты. [...] Муну менен сот бийлиги аткаруу бийлигине көз каранды болуп калгандыгы дагы бир жолу аныкталды», — деди Каменко Kloop.kgге берген маегинде.

Саясий серепчи Марс Сариев кесиптешинин пикири менен макул.

Ал «ата-журтчуларга» карата чыгарылган актоо өкүмүнөн улам коомчулукта тирешүүлөр чыгып кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Мен бул окуя жарандык коомчулукта тирешүүлөрдү пайда кылат деп ойлойм. Анткени калк мыйзамдын бузулушуна нааразы болот. Ал эми  жердешчиликти карманган бөлүгү сот өкүмүн колдойт», — деди Сариев Kloop.kgге берген маегинде.

17-июнда Бишкек шаардык соту «Ата-Журттун» лидерлерин актап, сот залынан эркиндикке чыгарган.

Сот аларды «бийликти күч колдонуп басып алуу» беренеси боюнча тагылган айыптарга күнөөлүү эмес деп таап, аларга карата «эл алдында конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүү чакырыктарын жасоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин токтоткон.

«Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор өткөн жылдын октябрынын башында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митингдин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталышкан.

Марттын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттарына күнөөлүү  деп тапкан.

Анда сот Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытовду бир жылга эрктеринен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Автор: Нуржамал Жаныбекова