Ысык-Көл облусунда жааган кардан улам 201 кой өлдү

1005117_10151705319292889_33801639_n

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда өзгөчө бир жаратылыш кубулушу болду — июнь айында абанын температурасы плюс бирге чейин төмөндөп, кар жаады. Күтүүсүз суук аба ырайынан 201 кой өлдү.

17-июнь күнү кечинде алгач Нарын, андан соң Ысык-Көл облустарында катуу жамгыр жаап карга айланган. Мындан улам эртеси 201 кой өлдү — бул тууралуу Тоң райондук администрациясынын башчысы Бакыт Ырыспаев билдирди.

«Кар жаап, суук болду. Анын айынан койлор өлдү», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Тоң районундагы ашууларда абанын температурасы бир градуска чейин төмөндөгөн. Төмөнкү бөлүктөрүндө плюс 4 градус болгон.

Анын маалыматы боюнча, мал көбүнчө Калкагар, Ала-Баш жана Ак-Өлөң айылдарында өлгөн. Кырылган койлордун жалпы баасы бир миллион сомдон ашык каражатка бааланып жатат.

Райондук администрациянын башчысы ал койлордун эттери бузулуп кетип, жегенге болбой калгандыгын билдирди.

Ырыспаев кардын калыңдыгы беш сантиметрден он беш сантиметрге чейин жеткендигине карабастан эгин талаалары зыянга учурабагандыгын белгиледи.

Ысык-Көл облусуна жайында кар бир нече ондогон жылдардан бери биринчи жолу жаады. Кыргызгидрометтин кызматкери жай мезгилинде Кыргызстанга кар 30 жыл мурун түшкөндүгүн билдирди.

Кыргызгидрометтин сайтында жакынкы эки күн аралыгында – 19чу жана 20-июнь күндөрү Ысык-Көл жана Нарын облустарында үшүк жүрө тургандыгы жазылган.

Аталган облустарда 20-июндан кийин күндүн жылышы күтүлөт.

Автор: Мадина Жалмагамбетова

Редактор: Айдай Токоева

Сүрөттө: Тоң районундагы кар, 17-июнь, автору: Искен Сыдыков