Екатеринбургда издөөдө жүргөн кыргызстандык кармалды

IMG_0123-e1367476467315

Орусияда 8 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык адам кармалды. Кыргызстанда ал кыймылсыз мүлктөр менен алдамчылык кылган деп айыпталып жатат.

Орусия милициясы Кыргызстандын жараны Анарбек Адилбек уулун 17-июнь күнү Екатеринбургдун Чкалов районунда кармаган, — бул тууралуу Орусиянын ИИМинин сайтында жазылган.

Алардын маалыматтары боюнча, Адилбек уулу жасалма күйүүчү май даярдап жаткан өнөр жай объектисин текшерүү маалында кармалган.

«Операциянын жүрүшүндө күйүүчү майды иштеп чыгуу менен алектенип жаткандар жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары экендиги аныкталды, алардын арасында издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны да бар болуп чыкты», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Сурактан кийин орус полициясы кармалган адамды Екатеринбургдун тергөө абагына камады. Анда ал Кыргызстанга өткөрүлүп берилишин күтүп жатат.

Адилбек уулу 2005-жылдан бери издөөдө жүргөн. Ал кыймылсыз мүлк менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган деп шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин өлкөдөгү туруксуздук менен эки ишкерди коркутуп, тез аранын ичинде сатуу үчүн алардын төрт кабат имаратын өзүнө ишеним кат аркылуу жаздырууга көндүргөн.

Бирок Адилбек уулу алардын ишениминен пайдаланып имаратты банкка күрөөгө коюп, акчасын алып качып кеткен. Муну менен ал ишкерлерге  9 млн сомдук чыгаша алып келген.

Кыргызстандын кылмыш кодексине ылайык, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн мүлкүн алуу менен 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Шахида Дүйшеева

Сүрөт Орусиянын ИИМинин сайтынан алынды