Көлбаевдин иши боюнча тараптардын жарыш созү экинчи жолу жылдырылды

IMG_0123-e1367476467315

Бишкектин Биринчи май райондук соту сот жообуна тартылып жаткан криминал авторитети Камчы Көлбаевдин жактоочусунун колу бошобой калгандыктан анын иши боюнча тараптардын жарыш сөзүн 21-июнга жылдырды. Буга чейинки отурум Көлбаевдин ооруп калгандыгына байланыштуу жылдырылган болчу.

Судья Абдыраззак Боромбаев тараптардын жарыш сөзүн 21-июндун эртең мененки саат 10уна жылдырды — бул тууралуу «мыйзамдагы уурунун» жактоочусу Сергей Манукян өтүнгөн. Ал бүгүн Октябрь райондук сотунда башка отурумга катышып жаткандыктан бошобой калган.

Тараптардын жарыш сөзү болушу керек болгон буга чейинки отурум да жылдырылган болчу.

12-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Көлбаевди Биринчи май райондук сотунун имаратына алып келген эмес. Анда атайын кызматтагылар сот жообуна тартылып жаткан криминал авторитетинин дене температурасы жогорулап, ал ооруканага жеткирилгендигин билдиришкен.

Тараптардын жарыш сөзүнүн жүрүшүндө прокурор криминал авторитети үчүн канча мөөнөт талап кыла тургандыгын билдирет. Андан соң өкүм чыгарылат.

Көлбаев

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы соттук процесс эмес.

90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Зарема Султанбекова