Парламент Транзиттик жүк ташуу борборунун чыгарылышы үчүн добуш берди

IMG_0123-e1367476467315

Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен «Манас» аэропортундагы америкалык авиабаза боюнча макулдашууну жокко чыгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды. Ал документке ылайык, Транзиттик жүк ташуу борбору өлкөдөн 2014-жылы чыгарылат.

Парламентарийлер тарабынан «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору жөнүндөгү Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы макулдашууну жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору үч окуудан кабыл алынды.

Ага жыйынга катышып жаткан 96 депутаттын 91 добуштарын беришкен.

Президент бул документти бир ай аралыгында карап чыгышы керек.

Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети менен Эл аралык иштер боюнча комитети бул мыйзам долбоорун жактырышкан. Ошондой эле анын кабыл алынышы үчүн Жогорку Кеңештин бардык фракциялары өз партияларынын жыйындарында добуштарын беришкен.

Америкалык «Манас» авиабазасы — учурдагы Транзиттик жүк ташуу борбору 2001-жылы, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин учурунда иштеп баштаган.

Учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2014-жылы америкалык транзиттик жүк ташуу борборун Кыргызстандан чыгаруу боюнча бир нече жолу билдирүү жасаган — бул боюнча ал алгачкы жолу өлкө башчылыгы кызматына киришип жатканда, экинчи жолу орусиялык «Москва жаңырыгы» радиосуна берген маегинде билдирген.

Бул боюнча реакциясын АКШ бийлиги токтоосуз билдирген — АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Блэйк Атамбаев менен жүк ташуу борборунун жайгашуу мөөнөтү боюнча бир нече жолу жолугушуп, маселени талкууга алышкан.

Атамбаевдин авиабазаны 2014-жылы чыгаруу чечимин Орусия бийлиги жактыруу менен кабыл алды — мындай позициясын Орусия ТИМинин Кыргызстандагы расмий өкүлү Александр Лукашевич билдирген.

«Биз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин борбор боюнча 2014-жылдан кийин АКШ менен макулдашууну узартпоо жана ал объектини аскердик эмес Эл аралык жарандык транспорт ташуу түйүнү кылып түзүү ниетин жактыруу менен кабыл алдык», – деп билдирген Лукашевич май айынын башында

Аскердик маселе

Транзиттик жүк ташуу борборунун өлкө аймагында жайгашуусу боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн аякташы Ооганстандагы америкалык аскерлердин негизги бөлүгүн чыгарып кетүүнүн мөөнөтү менен туура келип калууда.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уэнди Шерман Америка Кошмо Штаты 2014-жылдан кийин Кыргызстанга кайсы бир аскерий жабдууларын калтыруу маселесин азырынча караштырбагандыгын, бирок кийинчерээк бул маселе көтөрүлүп калышы мүмкүндүгүн айткан.

«Азыр бул тууралуу талкуу жүргүзүү эртерээк болуп калышы мүмкүн. Менин билишимче, азыр чечим чыгарыла элек, бирок эгер шартка ылайык келип, анын зарылчылыгы келип чыкса ал келечекте талкууга ала турган предметке айланып, андай чечим кабыл алынышы мүмкүн», — деп билдирген АКШнын өкүлү.

Ал кошумчалагандай, эгер АКШ Кыргызстанга кайсы бир аскерий жабдууларын калтырган күндө да алар «зыян келтире турган» куралдар болбойт. Шерман азырынча АКШ Кыргызстанга кандайдыр бир аскердик жактан жардам берүү боюнча пландары жок экендигин белгилеген.

Автор: Мадина Жалмагамбетова

Редактор: Айдай Токоева