Сот Жети-Өгүздөгү митингчилерге каршы козголгон иштерди кароодон баш тартты

IMG_0123-e1367476467315

Жети-Өгүз райондук соту май айынын аягында «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингдин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда жол тоскондорго каршы козголгон кылмыш ишин кароодон баш тартты.

Райондук сот Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Ысык-Көлдө өткөн митингдин жүрүшүндөгү жол тосуу фактысы боюнча козголгон 7 ишти кароодон баш тартты — бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

«Иштин бардыгы тең административдик тартип бузгандардын өздүктөрү аныкталбагандыктан жана башка негиздер менен Жети-Өгүз ИИБсинин башчысына кайтарылды», — деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Басма сөз кызматы иштерди кайтарып берүүгө дагы кандай негиздер болгондугун тактап айткан жок.

Митингчилерге каршы кылмыш иштери «жол кыймылына жолтоо кылуу» боюнча козголгон. Административдик кодексте бул үчүн үч миң сомдон беш миң сомго чейинки айып пул төлөө жазасы каралган.

Ысык-Көл облусундагы митинг май айынын аягында башталган. Нааразычылык акциясынын катышуучулары «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышын талап кылышкан.

Алар бир нече күн бою кенге бара турган жалгыз унаа жолун тосушуп, аны камакта кармап турушкан. Ошондой эле алар кенди эки жолу электр кубатысыз калтырышкан.

Митинг анын катышуучулары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышууга алып келген. Жыйынтыгында, 1-июнда медициналык жардам сурап 63 киши кайрылган, алардын 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 45и жарандык адамдар болушкан. Каза болгондор болгон эмес.

Ысык-Көл облусундагы абал митинг катышуучулары менен Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жолугуп, облустун экономикалык-социалдык өнүгүүсү боюнча айтылган талаптарды аткаруу убадасын бергенден кийин турукташкан.

Автор: Александра Ли