"Таланттуу" сатуучу

DSC_0016

Ош шаарында атайын музыкалык аспаптарды саткан дүкөн жок. Кардарлар музыкалык аспаптарды борбордук базардан сатып алышат. Сатармандар арасында он чакты  музыкалык аспапта ойноп, кардарларына музыкалык кеп-кеӊеш берген сатуучу бар.

Канатбек  Айтиев Ошто жашайт. Базарда соода-сатык жүргүзүп баштаганына бир жылга чукулдаган. Соода жайы дайым концерт болуп жаткандай шаӊдуу. Бул жерде музыкалык окуу жайы барбы деген да ой келет.

Канат Айтиев музыкалык жогорку окуу жайын толук бүтүрө албаптыр.  Эми минтип, музыкалык аспаптарды сатып тирилик кылууда.

Аккордеон
Аккордеон

“ОшМУнун искусство факультетине өтүп, бир жылдай окудум. Турмуш-шартка байланыштуу уланта албадым. Кийин бир агай  “сен окушуң керек, окусаӊ сенден чебер музыкант чыгат, келечегин алдыда” деп  көпкө айтып жүрдү.

Сатып жаткан аспаптардын дээрлик баарында ойной алам. Комуз, дубин, аса таяк, ооз комуз, аккордеон, гитара, мандалинде. Алармандардын көбү черттирип көрүп, анан алып кетишет”,- дейт ал.

Айтымында, музыкалык аспаптарга көбүрөөк жаштар кызыгышат экен:

“Чоңдорго караганда менин кардарларымын көбү-жаштар. Өрүк комуздун наркы  5 миӊ сом, Баткендин Кадамжай районунан жасалып алып келинет. Аса таяк 3,5 миӊ сом, ал эми аккордеон 10-25миӊ сомго чейин. Гитара 1,8 - 5 миӊ сомго чейин, мандалиндин баасы 4,5 миӊ сом”,- дейт Канат мырза.

Гитара
Гитара

Комуз чертүү ышкысы атасынын черткен күүсүнөн ойгонуптур.  Ошол күүнү кез-кезде кардарларга да ойноп берерин айтат.

Улуттук аспаптарда гана эмес чет элдик аспаптарда, урма аспаптарда да ойной аларын баяндады:

“Жыйырма жылдан бери ар түрдүү аспаптарда ойногонду өздөштүрүп келатам. 15 жашымдан тарта музыкалык аспапттарды үйрөнүп баштагам. Бул менин экинчи жашоом, хоббим десем да болот. Ансыз жашоомду элестете албайм”, - дейт Канатбек Айтиев.

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гульзат Газиева