Токон Мамытов коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер болуп дайындалды

IMG_0123-e1367476467315

Парламент коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка Токон Мамытовдун талапкерлигин жактырды. Ага чейин бул кызматта 4 ай иштеген Шамил Атаханов өз каалоосу менен кеткен.

Мамытовдун коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка талапкерлигин көпчүлүк добуш менен бекитишти — ага жыйынга катышкан 87 парламентарийдин 85и добуш беришти.

Анын талапкерлигин эл өкүлдөрү эки сааттай убакыт талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө кээ бир депутаттар түзүлгөнүнө төрт гана ай болгон коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерлик кызматты жоюп салууну сунушташты.

Мамытов ошол эле күнү өз милдеттерин аткарууга киришти.

Буга чейин ал беш айдай убакыт Чек ара кызматынын башчысы кызматын аткарып келген, а 17 күн мурун өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткарып баштаган.

Мамытов бул кызматта 4 ай вице-премьер болгон Шамил Атахановду алмаштырды. Ал уулунун дарегине карата криминал авторитети Азиз Батукаевдин бошотулушуна көмөктөшкөн деп айтылган айыптоолордон улам өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Атахановдун кызматы

Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерлик кызматы 2013-жылдын февралынын башында – болжол менен Атахановдун ички иштер министрлик кызматтан кетиши мүмкүндүгү жөнүндө ушактар айтылып баштаган убактарда түзүлгөн.

Анда саясий серепчилер коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьерлик кызмат атайын Атаханов үчүн түзүлгөн деген пикирлерин билдиришкен.

«Кадрларды жөн гана чача бербейт да. Атаханов реформаларды жүргүзө алган жок. Мында Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматы сыяктуу жабык мекемелерге сырттан келген адамдар анча жактырыла бербегендей эле баналдуу жагдай болду», — деген саясий серепчи Марс Сариев Kloop.kgге берген маегинде.

Саясат тармагы боюнча башка талдоочу Марат Казакпаев аталган кызматтын түзүлүшүн туура эмес деп эсептейт. Айтымында, ал чечим Өзбекстандын сунушу менен кабыл алынган.

«Кызматтын Өзбекстан каалагандыктан түзүлгөндүгү өтө начар практика. Бул өтө олуттуу маселе, биз Өзбекстанды же дагы башка мамлекетти угуп, алардын таасири астында түрдүү кызматтарды ойлоп таппашыбыз керек», — деп билдирген ал Kloop.kgге берген маегинде.

Автор: Азат Рузиев

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды