Өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салышты

IMG_0123-e1367476467315

Баткен облусундагы «Марказ» чек ара заставасында болгон чырдын жыйынтыгында бир кыргызстандык каза болду. Окуянын келип чыгуу себептери териштирилип жатат.

Өзбек чек арачылары менен кыргызстандыктын ортосундагы чыр 20-июнь күнү болжол менен 00:15тер чамасында Айдаркен чек ара бөлүндөгү «Марказ» чек ара заставасында болгон — бул тууралуу чек ара ачкерлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматтары боюнча, чек ара заставасында мушташуу болуп кеткен, анын жыйынтыгында өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранына карата ок чыгарышкан.

«Окуянын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын чек ара күзөтү тарабынан курал колдонулган, жыйынтыгында алган жарааттарынан улам Кыргыз Республикасынын жараны каза болду», — деп жазылган Чек ара аскерлигинин билдирүүсүндө.

Азырынча бул кагылыштын эмне себептен чыккандыгы белгисиз. Эки тараптуу иликтөө жүрүп жатат.

Каза болгон кыргызстандык Ош облусунун Кадамжай районундагы Сарыбай айылынын жашоочусу болгон.

Көпчүлүк учурларда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы чыр-чатактар эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чырларга себеп болуп калууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда акыркы чыр 2013-жылдын январында болгон, анда кыргыз тараптагы көзөмөлдөө өтмөктү электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн зымдын тартылышына нааразы болгон Сох өзбек анклавынын жашоочулары менен кыргыз чек арачылары урушуп кетишкен.

Ал чыр кыргызстандыктардан турган топтун бир күнгө барымтага алынышы, ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасынын эки айга толук жабылышы менен аяктаган.

Автор: Александра Ли