Көлбаевдин оорусунан улам тараптардын жарыш сөзү кайрадан жылдырылды

IMG_0123-e1367476467315

Биринчи май райондук соту тараптардын жарыш сөзүн жылдырды — криминал авторитети Камчы Көлбаевдин жактоочусу ал жактоого алган адам ооруп жаткандыгын айтып түшүндүрдү. Бул жолкусу менен отурум үчүнчү жолу жылдырылып атат.

Сотко жактоочу Сергей Манукян ал жактоого алган Көлбаев ооруп жаткандыгын айтып, отурумду дагы бир жумага жылдыруусун өтүндү.

Бирок ал криминал авторитетинин ооруп жаткандыгын тастыктай турган бир дагы документ көрсөткөн жок.

Манукян журналисттерге Көлбаевдин эмне болуп ооруп жаткандыгын так билбестигин жана андан бул жөнүндө суроого «ыңгайсыз» болуп аткандыгын айтып түшүндүрдү.

Кийинки отурум 28-июнга белгиленди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге Көлбаев эмне болуп ооруп аткандыгын билбейбиз деп айтышты.

Буга чейинки эки отурум дагы жылдырылган болчу — биринчисинде сот жообуна тартылып жаткан адамдын денесинин температурасынын жогорулап кетип, анын ооруканага жеткирилгендигине байланыштуу болсо, экинчи жолкусунда жактоочу Манукяндын Бишкектин Октябрь райондук сотунда башка отуруму бар болгондугунан улам жылдырылган.

Тараптардын жарыш сөзүнүн жүрүшүндө прокурор криминал авторитети үчүн канча мөөнөт талап кыла тургандыгын билдирет. Андан соң өкүм чыгарылат.

Көлбаев

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы соттук процесс эмес.

90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Зарема Султанбекова