Прокуратура зордукталган кыздын апасынын жолдошуна каршы жазган арызын алуусуна уруксат берген жок

Skrin

Зордукталган үч жашар кыздын апасы иш боюнча күнөөлүү катары өтүп жаткан жолдошуна карата эч кандай дооматы жок экендиги жөнүндө Башкы прокуратурага арыз жазган. Бирок окуя боюнча тергөө иштери аяктап калгандыктан көзөмөлдөө органы анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Кыздын апасы тарабынан жазылган арыз прокуратурага 3-июнда келип түшкөн — бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында жазылган.

Көзөмөлдөө органынын басма сөз кызматы 3 жашар кызга карата жасалган кылмыш фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери аяктап калгандыктан кыздын апасына арызын алууга уруксат бербей койгондугун билдирди.

Окуя 25-апрель күнү кечинде, Бишкектин Биринчи май районунун түндүк тарабында жайгашкан «Мурас Ордо» жаңы конушунда болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, анын атасы Үсөн Сакатаев үйүнө мас болуп келип эмчектеги баласы менен бирге жубайын үйдөн кубалап жиберип, анда калган үч жаштагы кызын зордуктап 12 жолу бычак сайган. Анын зордукталгандыгы соттук медициналык  экспертизанын жыйынтыгы менен далилденген.

Андан соң сот жообуна тартылып жаткан адам кызды коңшуларыныкына көтөрүп барган. Жабырланган кыз ошол эле күнү кечинде 3-балдар ооруканасына жеткирилген.

Арадан үч апта өткөн соң жабыр тарткан кыздын апасы менен таежеси келип аны ооруканадан дарылануу мөөнөтү аяктай электе эле алып, белгисиз тарапты көздөй алып кетип калышкан. Укук коргоочулар анда жабыр тарткан кыз андай аз убакыттын ичинде айыгып кетиши мүмкүн эмес экендигин билдиришкен.

Бир нече саат өткөндөн кийин балдардын иши боюнча комиссия милиция кызматкерлери менен бирдикте аларды табышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, анда кыздын саламаттыгынын абалы жакшы эле болчу.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Сакатаевге баш коргоо чарасы катары тергөө абагына эки айга – 29-июнга чейин камоо чечимин чыгарган болчу.

Кыздын атасына каршы эки берене боюнча кылмыш иши козголгон: «билип туруп адам денесине оор зыян алып келүү» жана «эрезеге жете элек кызды зордуктоо». Эгер бул тагылган айыптары далилдене турган болсо ал 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Шектүү катары кармалган адам окуянын чоо-жайы жакшы эсинде жоктугун айтып, күнөөсүн мойнуна албай эле.

Автор: Кубан Макешов

Редактор: Айдай Токоева