Үч-Коргон: кыргыздар менен тажиктердин тынч жашоосу

kloop1

Баткен облусунун Үч-Коргон айылында этникалык тажиктердин Кыргызстандагы эң чоң коому жашайт. Өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык көйгөйлөргө карабастан үч-коргондуктар — тажиктер да, кыргыздар да — эки элдин айкалышкан тынч жашоосунун үлгүсү болуп калышты.

Үч-Коргондун 30 миңдей жашоочусунун 60 пайыздан ашыгы — этникалык тажиктер. Айтымдарында, алардын ата-бабалары азыркы Баткен облусунун аймагында Александр Македонскийдин убагынан бери жашап келишет.

Алар жүзүм бактарынын көлөкөсүндөгү топчандарында отуруп тажик тилинен маектеши кайсы тилде сүйлөп жаткандыгына карап кыргызчага, өзбекчеге же орусчага оңой эле өтүп кетишет.

Үч-Коргондун жашоочулары кылымдардан бери жер-жемиш өстүрүү менен алектенишет — жергиликтүү экономиканы айылдыктар Орусия менен Казакстанга жөнөтүү үчүн өстүргөн алчалар колдошот.
Үч-Коргондун жашоочулары кылымдардан бери жер-жемиш өстүрүү менен алектенишет — жергиликтүү экономиканы айылдыктар Орусия менен Казакстанга жөнөтүү үчүн өстүргөн алчалар колдошот.

 Улуттар аралык кагылыштар тууралуу берилген суроого бизди чакырган үйлөрдүн бардыгынан бир гана жооп алууга болот — үч-коргондук тажиктер башкы каармандын жубайы тажик кызы Каныкей болгон кыргыздын «Манас» эпосу жөнүндө эскергенди жакшы көрүшөт.

Тажиктер Каныкейди эжеси катары, а кыргыздарды — жакын тууганы катары эсептешет.

Үч-Коргон айылдык администрациясынын мурунку башчысы Обоз Мадазимов ал иштеген жылдары айылда болгон бир дагы улуттар аралык кагылышты эстей алган жок.

Тескерисинче, Мадазимов тажиктер менен кыргыздар бирге иштеп, майрамдарды бирге майрамдап үй-бүлө куруп жаткандыктарын сыймактануу менен айтууда.

«Эл аралык сабырдуулук үчүн» фондунун Баткендеги өкүлү Базарбай Масеитов Кыргызстандын түштүгүндө мындай айкалыштагы кырдаал сейрек кездешет деп эсептейт.

2010-жылы Ош менен Жалал-Абадда болгон кыргыздар менен өзбектердин кагылышы өлкөнүн улуттарынын ортосундагы зомбулук кандай масштабдарга чейин жете тургандыгын көрсөттү. Ал коогалаңдын фонунда мезгил-мезгили менен аз масштабда кыргыздар менен тажиктердин ортосунда болуп жаткан кыгылыштар көлөкөдө калып калууда.

Айыл архитектурасы менен өзгөчөлөнүп турат. Тажиктер үйлөрүн оюп жасалган жыгач элементтер менен кооздошот, а үйдүн дубалдарынын бири көпчүлүк учурларда тосмону алмаштырып турат — бул жер аянты менен материалдарды үнөмдөйт.
Айыл архитектурасы менен өзгөчөлөнүп турат. Тажиктер үйлөрүн оюп жасалган жыгач элементтер менен кооздошот, а үйдүн дубалдарынын бири көпчүлүк учурларда тосмону алмаштырып турат — бул жер аянты менен материалдарды үнөмдөйт.

 «Үч-Коргондо андай чыр-чатактар жок деле. Өзгөчө Тажикстан Республикасы менен чектеш аймактарда бар. Чек арадагы коомчулукта чек аранын такталбаганынан улам чырлар чыгып турат», — деди Масеитов.

Талдоочунун пикири боюнча, өлкөнүн түштүгүндө кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы мамиле тынч деп айтылганы менен акыркы жылдары аталган эки улут өкүлдөрүнүн ортосунда тирешүүлөр көп боло баштаган.

2013-жылдын апрель айында эле Баткен облусунун ар кайсы аймагында кыргыз жана тажик жаштарынан турган топтордун ортосунда төрт кагылыш катталган.

Кырдаал бардык тарабынан Баткен облусу менен курчалган Ворух анклавындагы тажиктер менен болгон чырдан кийин ырбап кеткен — апрелде ворухтуктар Кыргызстан анклавдын аймагына жол куруп жатат деп эсептешип, нааразы болуп чыгышкандан кийин массалык мушташ болгон.

Бирок Масеитовдун айтымында, чырлардын көп бөлүгү саясатташкан эмес жана турмуштук мүнөзгө ээ.

«Ачык чыр-чатактар жок. Турмуштук уруштар бар, кээ бирде алар улут аралык мүнөзгө ээ болот», — дейт ал.

Ачарчылыкта бири-бирине жардам берип келишкен

Үч-Коргондогу улуттардын ынтымагы үчүн 2010-жылдагы улуттар аралык кагылыш эң чоң сыноо болгон — жашоочулар чындыгында эле Ош менен Жалал-Абаддагы кагылышуулар алардын мамилелерине да таасирин тийгизет деп кооптонушкан.

Ал кезде жергиликтүү райондук администрацияда иштеген Обоз Мадазимов айыл жашоочулары — кыргыздар, тажиктер жана өзбектер — ал күндөрү жергиликтүү тойканага чогулушуп, зомбулуктан биргелешкен аракет менен кутулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

«Эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Биз бардык айылдыктар кезек түзүп,  бардык улуттардан ыктыярчыларды бир топко чогултканбыз», — деп эскерет Мадазимов.

Албетте, Үч-Коргондо да турмуштук майда чырлар болуп турат, бирок жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, алардын бардыгы тең популярдуу «Согдиана» деген жергиликтүү тойканада чай үстүндө чечилет.

Жергиликтүү тургандар чоң энтузиазм менен Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы ачарчылыктарда кыргыздар менен тажиктердин бири-бирине жардам бергендиктери жөнүндө эскерүүнү жакшы көрүшөт.

83 жаштагы жергиликтүү акын Шарифжон Абдураззоков балдары менен неберелеринин курчоосунда согуш маалында атасы менен бирге азык-түлүк алмашуу үчүн кыргыз досторуна баргандыгын жөнүндө айтып берди.

«Бизде жемиштер болгон, а данды көбүнчө кыргыздар өстүрүшчү. Биз аларга бардык, алар бизге дан беришти, а биз жер-жемиш жеткирип турчубуз», — деп эскерет тажик аксакалы.

Улуттар аралык никелешүү

«Эл аралык сабырдуулук үчүн» фондусунун өкүлү Базарбай Масеитов Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында түштүктө улуттар аралык никелешүүлөрдүн саны азайып кетти деп эсептейт.

Үч-Коргон коомчулугу бир топ патриархалдуу: аялдар меймандар менен бирге бир үстөлдө отурушпайт жана салттуу кийим кийип жүрүшөт.
Үч-Коргон коомчулугу бир топ патриархалдуу: аялдар меймандар менен бирге бир үстөлдө отурушпайт жана салттуу кийим кийип жүрүшөт.

«Мурун, союз маалында көп эле болчу. Азыр андайлар бирин-серин, өтө аз», — деп өкүнөт Масеитов.

Бирок Үч-Коргондо кыргыздар менен тажиктердин никелешүүсү  табияттан тышкаркы көрүнүш эмес.

Этникалык тажик Диляфруз Маматкадырова ыңгайсыз суроодон оңтойсузданып, анын келечектеги жолдошу — этникалык кыргыз Бакыт Анназаров — аны бир көрүп эле сүйүп калгандыгын айтып берди.

«Ал алыс деле эмес, бизден бир нече үй алыстыкта жашачу. Мени менен сүйлөшүүгө аракет кылчу, бирок мен жооп берчү эмесмин», — дейт Маматкадырова.

Бирок убакыт өткөндөн кийин Диляфруз Бакыттын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп берип алардын мамилеси башталган. Бирок нике кыйууда тоскоолдук жаралган — Бакыт ала качуу уюштуруп, ал өз кезегинде Диляфруздун туугандарынын ачуусун келтирип, алар кызды кайрадан алып кетип калышкан.

«Алар мени алып кетип калышты. 5-6 айдан кийин, ал [Бакыт] өзүн өзү өлтүрө тургандыгын айтып коркуткандан кийин гана алып келишкен», — деп эскерет Маматкадырова жылмайып.

Азыр жаш үй-бүлөнүн эки кызы бар, улуусу кыргыз жана тажик тилдерин билет.

Бакыт дагы жеке суроолордон сүрдөп, айланасындагы адамдар эмнеге кыргыз кызына үйлөнбөгөндүгү тууралуу көп сурай тургандыктарын жана туугандары да алгач тажик кызын алууга каршы болгондуктарын билдирди.

Бакыт Диляфрузду өзүнүн тагдыры деп эсептейт жана ал дагы «Манастагы» Каныкейди эстейт.

«Бул сүйүү үчүн кармаш», — дейт Бакыт өзүнүн бүлөсү тууралуу.

Автор: Зарема Султанбекова

Негизги сүрөттө Бакыт менен Диляфруздун үй-бүлөсү, авторлору: Искен Сыдыков жана Гүлжан Турдубаева