Депутаттар: Кыргызстанга 189 дары коопсуздук текшерүүсүнөн өткөрүлбөй киргизилген

pills

Жогорку Кеңештин комитети өткөн жылы коопсуздук жана сапат жагынан текшерүүдөн өткөрүлбөй туруп Кыргызстандын аймагына киргизилген 189 дары-дармек аталышын аныктады. Саламаттыкты сактоо министрлиги комитеттин отчетундагы фактылар «туура эмес» интерпретацияланган деп эсептеп жатат.

Изилдөө иштери менен Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин депутат Ширин Айтматова жетектеген жумушчу тобу алектенген.

Ал отчетко ылайык, Кыргызстанга текшерилбеген дары-дармектерди табият кырсыгы болгондо же жугуштуу оорулар очогу пайда болгондо гана алып кирүүгө мүмкүн.

«Департамент [Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти] каттоосуз эле эркектердин потенциясын көтөрчү каражатты алып кирүүгө уруксат берген, бул Кыргызстандагы кайсы өзгөчө кырдаал менен байланыштуу экендиги түшүнүксүз», — деп жазылган депутаттардын отчетунда.

Аны менен катар парламентарийлер дары менен камсыз кылуу департаменти тарабынан Кыргызстанда ири көлөмдөгү аналогдору бар дары-дармектерди өлкөгө алып кирүүгө уруксат бергендигин аныкташкан.

Ошондой эле депутаттардын отчетуна ылайык, уулуулугу жогору болгондуктан Европа өлкөлөрүндө тыюу салынган дагы бир дарынын киргизилишине каттоосуз эле уруксат берилген.

Депутаттардын эсептөөлөрү боюнча өлкөнүн бюджети эң эле аз дегенде 4,5 миллион сом жоготкон – Кыргызстанда дары-дармекти каттоо үчүн алына турган эң төмөнкү төлөм 25 миң, ал эми эң жогоркусу 50 миң сомду түзөт.

«Ал акчалар кимдин чөнтөгүнө түшкөндүгүн божомолдоого гана болот», — деп эсептешет депутаттар.

Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин директорунун орун басары Жаңыл Жусупова Kloop.kgге парламентарийлердин отчетунда фактылар «туура эмес» интерпретациялангандыгын билдирди.

Жусупова колу бошобой жаткандыгын айтып, андан аркы комментарийди кийинчерээк бере тургандыгын айтты.

«Ротафарм»

Фармацевтикалык «Ротафарм» компаниясы дары-дармек чатагына 2013-жылдын февралында дуушар болгон – анда алгач көз карандысыз изилдөөчүлөр, андан кийин бир катар саясатчылар менен башка фармкомпаниялардын изилдөөлөрү тарабынан Кыргызстанда сатылып жаткан «Репретин» дарысы адамдардын ден соолуктарына зыян келтире тургандыгы аныкталган.

Мындан улам изилдөө жүргүзгөн британдык «Гардиан» басылмасы «Репретин» дарысын колдонууга өткөн бейтаптар өздөрүн начар сезип, анын кошумча эффектилеринен жабыркап баштагандыктарын аныктап чыккан.

Андан сырткары «Ротафарм» компаниясы өзүн тааныштырып жаткандай британдык эмес, Британ-Виргинск аралдарындагы оффшор аймагында катоодон өткөн жана ар кайсы өлкөлөрдөн дары-дармектерди жеткирип турган компания экендиги маалым болгон.

2013-жылдын мартында компанияга каршы чыгып жатышкан укук коргоочулар «Ротафарм» тарабынан аңдуулар жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгы жөнүндө билдиришкен. Өз кезегинде компания алардын дары-дармектерин зыяндуу деп атаган дарыгерлерди сотко берген.

«Ротафарм» чатак башталгандан бери эле дарегине айтылган айыптоолордун бардыгы тең алардын атаандаштары тарабынан жасалып жаткандыгын билдирип келген.

Аны менен катар үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Бишкек шаары менен Чүй облусунун дарыгерлери бейтаптарга дарыларын жазып бергендиктери үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча жана түрдүү белектерди алып келгендиктери ачыкка чыккан.

Автор: Зарема Султанбекова