Куурчак ишинин чебери

IMG_0123-e1367476467315

Азиза Ташхаджаева 17 жылдан бери куурчак жасоо менен алектенет. Ал куурчактарын көпчүлүк учурларда башка адамдар ыргытып жибере турган үй таштандыларынан жасайт.

Ташхаджаева бул өнөргө бала чагында эле кызыгып баштаган. Кичинекей кыз кезинде ал эски оюнчуктарды таап, алардан жөнөкөй азембелектерди жасачу. Азиза турмушка чыкканда да бул өнөрдү таштабай, анын бул алектенүүсү жаңы үй-бүлөдө колдоо тапкан эмес.

Бир нече жыл бирге жашагандан кийин күйөөсү Ташхаджаеваны таштап, үй-бүлөдөн кетип калган. Билими жок Азиза үч кичинекей баласы менен жалгыз калган.

«Башында кыйын болду. Мен бай адамдардын үйлөрүн жыйнап, идиш жуудум, ашканада ашпозчу болуп иштедим. Бирок мунун бардыгы тең мен каалаган нерсе эмес болчу. Терең ойго батып жүрүп куурчак жасай баштадым. Аны мен бир аз да болсо алаксыш үчүн өзүмө жасагам. Куурчак укмуш сонун болду. Мен ага көпкө суктанып, мактаныш үчүн кошунама алып бардым», — дейт ал.

Куурчакты көргөн кошунасы Ташхаджаевадан ал оюнчукту кичинекей кызы үчүн сатуусун өтүнгөн. Чебер оюнчукту берет, коңшусу болсо куурчак үчүн 100 сом ал деп аны көндүргөн.

Бул окуядан кийин Азиза жеке бизнес ачуу чечимине келет. Бүгүнкү күндө анын бул алектенүүсү ага жакшы акча алып келүүдө.

«Менин жолум болуп коңшулар куурчак жасап берүүмдү өтүнө башташты. Башында мен аларды 100 сомдон сатып баштагам, анан үлгүлөрүн жакшыртып баасын жогорулаттым. Менин балдарымды багып чоңойтуума дал куурчактарды жасоо жардам берди», — дейт Ташхаджаева.

Азизанын тапкан каражаты балдарын бардык керектүү нерселер менен камсыз кылууга жетип келген. Алардын экөөсүн үйлөнтүүгө жетишти, учурда үч небереси бар. Чебер өзү билдиргендей, ал ар дайым кыздуу болууну каалап келген.

«Дайыма кыздуу болсом деп кыялданып келгем. Алардын мен жасаган куурчактар менен ойношун каалайт элем. Бирок азыр менин куурчактарым — неберелеримдин жакшы көргөн оюнчугу, алар дүкөндүн оюнчуктары менен ойношпойт. Алар неберелериме жакпайт», — деди ал сыймыктануу менен.

IMG_0123-e1367476467315

«Мен өзүмдү жаман сезип турганда куурчактарды, майда-чүйдө нерселерди жасап баштайм — бул мени тынчтандырып, сооротот. Бир күн бою кичинекей балдарымды карап чарчап, куурчактарды түн ичинде жасаган учурлар да болгон. Бул уйкунун ордуна. Куурчактарды жасоо менен мен эс алам», — дейт ал.

Тажхаджаева жашаган Оштогу Амир-Тимур шаарчасында аны баары тааныйт. Азизадан туулган күндөргө, үйлөнүү үлпөттөрүнө жана мектептеги башка иш-чаралар үчүн куурчак жасап берүүсүн өтүнүшөт.

Чебер үчүн негизги буюмдар 10 сомдук кытай куурчактары. Азиза ал куурчактардын буттарын алып, денесине өзгөчө кийимдерди бекитет.

Ташхаджаева 17 жылдан бери куурчак жасоо менен алектенип өзүн бир нече көргөзмөлөрдө көрсөтүүгө жетишип, түрдүү сынактарда байгелүү орундарды алган.

Азиза куурчактарды чыгара турган жеке фабрика ачуу жөнүндө кыялданат, бирок ал үчүн ага көп акча керек экенин түшүнөт, азырынча анда андай каражат жок.

«Куурчак чыгаруу боюнча фабрика ачууну өтө каалайм. Биздин куурчактардын Барбиден эмнеси кем? Алар батыш үлгүлөрүнө караганда сулуураак, көркөмдүү, анткени мен биздин куурчактарды улуттук колоритте жасаганга аракет кылам», — дейт Ташхаджаева.

Жаштарды үйрөтөт

Азиза шакирттери менен.
Азиза шакирттери менен.

Бир күнү Азизанын кошунасы андан кызын куурчак жасоого үйрөтүүсүн өтүнгөн. Андан кийин ага башка кошуналардын кыздары да келе баштаган, алардын үйрөнүүсү үчүн ата-энелери акча төлөшкөн.

«Мен акча алууга каршы болчумун, бирок коңшулар болбой көндүрүштү. Анда мен аларды куурчак жасоого гана эмес, терезе пардаларын тигүүгө да үйрөтө баштагам. Азыр менин шакирттерим пардаларды да тигишет, түрдүү буюмдарды да жасашат», — дейт чебер.

Кийинчерээк аны үйүнөн алыс эмес жайгашкан номур 46-мектепке атайын ийримди алып баруу үчүн чакырышкан, Азиза бүгүн да ал ийримди жетектейт.

Нафиса Сабирджанова үч жылдан бери Ташхаджаевадан чеберчиликке үйрөнүп келет. Ал ага жакшы устат туш келгенин жана бул өнөр менен алектенүүсүн турмушка чыгып сүйүктүү апа болгондо да уланта тургандыгын айтат.

Мектеп жетекчилиги да Азизанын ишине ыраазы. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Ирода Раимжанованын айтымында, ийрим жетекчисинин фантазиясы өтө жакшы.

«Ал бир көргөн нерсесин кайра кайталай алат. Кыска убакыттын ичинде эле окуучуларга күтүлгөндөн да көп нерсе үйрөтүп, жеткире алды. Балдарга өтө кызык болду жана алар эң мыкты билим алышты. Буга мугалимдер да, ата-энелери да ыраазы», — дейт Раимжанова.

Ташхаджаева бүгүнкү күнгө карата 30дай шакиртин тарбиялап чыгарды жана өзүнүн бизнесин жөнгө салып алды. Эми ал куурчак чыгара турган чоң цех жана кичинекей фабрика ачууга акча чогултуп жатат.

Азиза келечекте бул өнөр менен анын неберелери да алектенсе деп кыялданат.

Автор: Айдана Аминова