Баткен облусундагы Кыргызстандык каза болгон өткөрмө пункт ачылды

1342592000_57773100

Баткен облусундагы эки өткөрмө пункт 22-июнда ачылды. Андагы кыймыл 20-июнда, өзбек чек арачылары кыргызстандык жаранга карата ок чыгарышкандан кийин тосулган.

Өзбек чек арачылары менен кыргызстандыктын ортосундагы чыр 20-июнь күнү тан эртең менен Баткен облусунун Гулпиян айылындагы Айдаркен чек ара бөлүгүндөгү «Марказ» чек ара заставасында болгон. Бул окуядан кийин бийликтегилер «Кадамжай-автожол» жана «Чечме-автожол» деген эки өткөрмө-көзөмөл пунктун жабышкан.

Аталган өткөрмө пункттар 22-июнь күнү ачылды — бул тууралуу бүгүн чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзбек чек арачылары тарабынан кыргызстандыктын өлтүрүлүшү боюнча тергөө уланып жатат. 20-июнь күнү «Марказ» чек ара заставасында эмне болгондугу боюнча так маалыматтар жок.

Кыргыз чек арачыларынын версиясы боюнча, өзбек чек арачылары чырдын жүрүшүндө кыргызстандыкка карата ок чыгарышып, ал алган жараатынан улам көз жумган.

«Окуянын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын чек ара күзөтү тарабынан курал колдонулган, жыйынтыгында алган жарааттарынан улам Кыргыз Республикасынын жараны каза болду», — деп жазылган Чек ара аскерлигинин билдирүүсүндө.

20-июндагы парламент жыйынында бир катар депутаттар өзбек чек арачылары кыргызстандыкты заставадан бир нече жолу атышып, андан кийин ал үйүнө жеткенден кийин да барып аны «биротоло өлтүргөндүктөрү» жөнүндөгү версияны айтышкан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде каза болгон адамдын үйүнөн автоматтын эки гильзасы табылгандыгын билдирди.

«Өзбекстан чек арасынан алыс эмес жашаган Кыргызстандын жаранынын үйүнөн Калашников АКА-74 үлгүсүндөгү автоматтын эки гильзасы табылды», — деди ал.

Комментарий алуу үчүн өзбек чек ара кызматы жеткиликсиз болууда.

Каза болгон кыргызстандык Ош облусунун Кадамжай районундагы Сарыбай айылынын жашоочусу болгон.

Автор: Хлоя Гейне