Жактоочу: Милициянын чиновнигин өлтүргөн деп соттолгон адамды «кыйнашкан»

pills

Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүргөн делинип соттолгондордун биринин кылмышты мойнуна алган корсөтмөсү «кыйноолордун» жардамы менен алынганбул тууралуу соттолгондордун биринин жактоочусу билдирди.

Тилек Жапарбаев үстүбүздөгү жылдын январында полковник Шоноевди өлтүргөндөрдүн бири делинип 25 жылга эркинен ажыратылган.

Соттолгон адамдын жактоочусу Айгүл Матиева Жапарбаевдин кылмышты мойнуна алган көрсөтмөлөрү «кыйноолордун» жардамы менен алынгандыгын жана алар иштин материалдарынан алынып салынышы керектигин билдирүүдө.

«Эркиндик үнү» укук коргоо порталынын маалыматы боюнча, «кыйноолордун болгондугун» соттук-медициналык экспертиза ырастаган, анын корутундусунда Жапарбаев тергөө абагында жаткан маалда мокок нерсенин тийгенинен улам денесинин сыйрылган, кызарган жерлери болгондугу айтылган.

Эксперт ал денеге келтирилген зыяндарды «жеңил зыян келтирүү» катары мүнөздөгөн.

«Конституциядагы талаптарга ылайык, бул материалдар [сот жообуна тартылып жаткан адамдын кыйноо маалында берген көрсөтмөлөрү] жок материал катары эсептелинип калат жана сотто аларга таянууга болбойт», — деп эсептейт жактоочу.

Ошондой эле сот жообуна тартылып жаткандардын туугандары сот процессинин жүрүшүндө Шоноевдин жакындары тарабынан ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр, «кол көтөрүүлөр» болгондугун айтышып, укук коргоочуларга даттанышкан — бул тууралуу «Эдвокаси адам укуктары боюнча борбор» ассоциациясы билдирүүдө.

Комментарий алуу үчүн Оштун ички иштер башкармалыгы жеткиликсиз болууда.

«Жеңил» жаза

Учурда Тилек Жапарбаевди коргоочу тарап анын жазасын катаалдатып салуулары мүмкүн деп кооптонуп жатышат, деп билдиришти укук коргоочулар.

Ош облустук прокуратурасы Жапарбаевге карата чыгарылган өкүмдү чындыгында өтө эле «жеңил» деп эсептеп, июндун ортосунда биринчи инстанциядагы соттун чечими боюнча даттана тургандыгын билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу сот жообуна тартылып жаткандардын үчөөсүн – Арипбек Аскарбек уулу, Улан Молдошев жана Тилек Жапарбаевдерди өзгөчө режимдеги абакка өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылган

Дагы үчөөсүн — Ниязбек Тажибаев, Эрнис Эсенов жана Сагын Айтбай уулуларды — прокуратура катаал режимдеги түзөтүү абагына 25 жылга камоону өтүнгөн

Бирок Кара-Суу райондук соту Аскарбек уулуна карата гана өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарып, калгандарын 4 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыраткан.

Милициянын чиновнигине куралдуу кол салуу 11-январь күнү кечинде Ош шаарында болгон. Шоноев беш жеринен жаракат алган: төрт ок көкүрөк клеткасына жана дагы бири моюнуна тийген.

Далил катары окуя болгон жерден болжолдуу түрдө Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын 5 гильзасы алынган.

Шоноевдин өлүмү боюнча кармалгандардын бардыгы тең кылмыш кылгандыктарын мойундарына алышкан.

Автор: Зарема Султанбекова