Бишкектин жаңы конушу жай аяктаганга чейин суусуз калат

996029_460595914030232_1396819249_n

Арча-Бешик жаңы конушунда эки аптадан бери ичүүчү суу жок. «Бишкек суу канал» суу берүүнү сугат маалы аяктагандан кийин калыбына келтире тургандыгын билдирүүдө.

Жеке турак үйлөрдүн ээлери жер-жемиштерин ичүүчү суу менен сугарып жаткандыктан Арча-Бешик жаңы конушу жайдын аягына чейин суусуз калат, — бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасынын диспетчери Гүлүмкан Жолдошева билдирди.

«Себеп — ичүүсү суунун жетишсиздиги, анткени суунун баары сугатка кетип жатат, жемиштерин сугарып жатышат», — деп билдирди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Жолдошева аталган конушта сугат маалы бүткөнгө чейин – болжол менен жайдын аягына чейин суу жок болоорун айтты.

«Сугарууну токтотушпаса суу болбойт. Жай аяктаганга чейин сугарышат болуш керек. Демек, токтотушпаса жайы бою суу жок болот», — дейт «Бишкек суу канал» ишканасынын диспетчери.

Учурда айылга ичүүчү сууну суу ташуучу унаа менен алып келип жатышат.

Арча-Бешиктин жашоочусу Алмаз Эркебаев суунун сугаруу маалы болгондуктан жок болуп жаткандыгына ишенбейт.

«Жашоочулар сугарат деп ойлобойм, баарынын эле жер тилкелери кичинекей да, эч ким бир нерсе отургузуп, сугарбайт. Менимче, сууну башка жерге буруп салып жатышат окшойт», — деп эсептейт Эркебаев.

Ал Kloop.kgге берген маегинде анда суу соргуч турганы менен суу жоктугун билдирди.

«Бизде жуунганга да суу жок», — деди ал.

Суунун жетишсиздигин «Дизель» форумунун Адейа аттуу колдонуучусу да ырастайт.

«Эмне кылып, кимге арыз жазып кайрылуу керектигин билбейм. Ушундай ысыкта суусуз... Үйдө кичинекей балдар бар, түрдүү жугуштуу ылаңдар күчөп жаткан маалда. Канистралар менен алып келебиз, бирок ал ичкенге гана жетет. Кир жууп, жер-жемиштерди сугарууну айтпай эле коеюн», — деп жазган Адейа.

Арча-Бешик конушу Бишкектин түштүк-батышында жайгашкан. Анын аянты болжол менен 709 гектарды түзөт.

Автор: Айкерим Молдалиева