Өзбекстан кыргыз укук коргоочусун анын ишмердүүлүгүнүн «спецификалуулугунан» улам депортация кылган

03E55F54-9172-4334-A9ED-8E0A839B9EE4_mw800_s

Өзбекстандын чек ара кызматы кыргыз укук коргоочусу Төлөйкан Исмаилованы анын ишмердүүлүгүнүн «спецификалуулугунан» улам депортация кылды. Комментарий алуу үчүн өзбек чек арачылары жеткиликсиз болууда.

Өзбек чек арачылары «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилованы Өзбекстанга киргизбей беш күн Ташкент аэропортунда кармап, андан соң депортация кылышты.

Укук коргоочуга аны ишмердүүлүгүнүн «спецификалуулугунан» улам кармагандыктарын айтып, так эч нерсе деле түшүндүрүшкөн эмес.

«Элчиликтин өкүлүнө алар менин ишмердүүлүгүмдүн өзгөчөлүгүнөн улам кармагандыктарын айтышкан. Эч нерсе түшүндүрүшкөн жок, мен кара тизмеде экендигимди айтышты», — деди Исмаилова Kloop.kgге берген маегинде.

Борбордун башчысы анын Кыргызстандын Өзбекстандагы консулу жана өкүлү менен жолугушуусуна уруксат бербей койгондуктарын жана алар укук коргоочуну депортация кылганга 20 мүнөт калганда гана жолуга алгандыктарын кошумчалады.

«Мен Алматыга учаарда бир-эки мүнөткө гана көрүшүүгө уруксат беришти. Анан дароо эле кайтаруу менен учакка алып барышты», — деди Исмаилова.

Ал аны токтоткондон кийин шарттары «жаман» жерде кармагандыктарын айтты.

«Алар мени башкалардан бөлүп изоляциялап коюшту. Мен аларга: “Эмнеге мени жаап салдыңар, эмнеге суу, тамак бербей элесиңер?”, - дедим. Ал жерде өтө жаман жыттанып турду, анткени ажааткана тазаланбайт экен. Шейшеп жок болду. Менин арызданууларыма алар: “Отурумуз” [отуруңуз], “Фаста” [баттан] деп жооп берип жатышты. Тактап айтканда, орусча да сүйлөшкөн жок. Өтө кыйын болду», — дейт укук коргоочу.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн өзбек чек ара кызматы жеткиликсиз болууда.

Исмаилова 20-июнь күнү – Франциядан келген кесиптештеринин тобун коштоп бара жатканда Ташкент аэропортунан кармалган. Чек арачылар француздарды өлкөгө кое беришкен, а кыргыз укук коргоочусуна депортация кылышаарын күтүп Ташкент аэропортунда беш күн күтүүгө туура келген

Төлөйкан Исмаилова «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун алмашкыс башчысы болуп эсептелет. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларын мониторингдөөдө активдүү катышкан.

Исмаилова милиция кызматкерлеринен жабыр тартып, анын борборуна жардам сурап кайрылган адамдардын укуктарын активдүү коргойт.

Автор: Алексей Ким

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды