Бишкектин мэри жубайына «жалаа жапкан» ЖМК менен соттошуу ниетинде

996029_460595914030232_1396819249_n

Шаар башчысы Иса Өмүркулов анын жубайы «Бишкек Парк» соода борборунун акцияларынын 25 пайызына ээлик кыла тургандыгы жөнүндө маалымат булактарында пайда болгон билдирүүнү четке какты. Ал «анын беделине шек келтирген» журналисттерди сотко берүү ниетинде.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши мэрдин шаардын абалы тууралуу отчетун угуп жатат. Андан соң шаар башчысына ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүү болот.

Жыйындын жүрүшүндө «Республика» фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев шаар башчысынын жубайы «Бишкек Парк» соода борборунун акцияларына ээлик кылаары тууралуу билдирүү боюнча Өмүркуловго суроо берди.

Өмүркулов ал маалыматты четке кагып, сотко кайрылуу ниети бар экенин билдирди.

«Ооба, мындай маалымат кечээ интернетте пайда болгон, бирок ал негизсиз. Ал менин беделимди түшүрүү максатында жасалган сандырак кеп. [...] Бул боюнча сотко кайрылууну пландап жатабыз», — деди шаар башчысы.

Мэрдин жубайы «Бишкек Парктын» акцияларынын 25 пайызына ээлик кыла тургандыгы жөнүндө «24.kg» маалымат агенттиги билдирген.

Басылманын кабарчысы Махинур Ниязова ал маалыматты ырастай турган документтерди тапкан.

«А.Г.Шамаш Enif ЖЧКсынын ар бири $1 бааланган 50 миң акцияга ээлик кыла тургандыгын мойнуна алууда. Компания ишенимдүү адамдары катары Мустачи оглу Айдин (ага акциялардын 75 пайызы таандык) менен Курманова Толкун Жантаевнага (акциялардын 25 пайызына ээлик кылат) жана номиналдуу жеке менчик ээси катары анын ысымына Белизде катталган. Акыркысы Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун жубайы болуп саналат», — деп жазылган «24.kgнин» макаласында.

Бишкек мэри журналисттер тарабынан көрсөтүлгөн документтер — маалымат агенттигинин сайтына чыгарылган сертификаттардагы текст англис тилинде жазылганы менен жөн гана түрк сөздөрүнүн жыйындысы экенин билдирди.

Ниязова Kloop.kgге комментарий берүүгө укугу жок экенин билдирди.

«24.kg» агенттигинин кабылдамасынан жетекчилиги кеңседе жок экенин билдиришти.

«Бишкек Парк»

Оюн-зоок соода борборунун айланасындагы талаш-тартыштар менен териштирүүлөр анын бир нече жолу жылдырылган ачылышына чейин эле пайда болгон.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция сотко доо арыз менен кайрылып, «Бишкек парктын» мыйзамсыз курулуштарын алууну талап кылган — текшерүү курулуш нормаларынын бузулгандыгын көрсөткөн.

Сот соода борборуна 20 миң сомдук айып тагып, «кооптуу» объектилерди кайрадан оңдоого милдеттендирген.

Комплекстин алгачкы аталышы — «Руби Парк» болгон, ал Бишкектин борборунда – Исанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки гектар аянтты ээлеп турат.

Автор: Зарема Султанбекова