Мечит, мектеп жана турак-үй бала бакчага айланды

балакай

Кара-Суу районунун Агартуу айылында  эски мечиттин имараты балдарга бакча катары уюштурулду. Бейөкмөт уюмдун жана айылдын эр азамат уулдарынын көмөгү менен эски мечит жанына жаӊы имарат курулуп, 60 бала тарбияланууда.

Нуржамал Ашырбаева бала бакча ачыла элек кезде кызын кимге таштап жумушка барарын билбей  кыжалат болгонун  эскерет. Эски  мечит   бала  бакчага айлантылганы, кубанып жатканын белгилейт.

“Союз ураганда бул жерде бала бакчанын имараты жеке менчикке өтүп кеткен. 20 жылдан бери бакча жоктугунан балдарыбызга мектепке чейин жазып-окууну өзүбүз үйрөтүп келдик. Мурда мечит болуп турган имаратта эми балдарыбыз ыймандуу тарбияланат деп ишенем”,- деди жергиликтүү тургун Н.Ашырбаева.

Эски мечит имараты
Эски мечит имараты

Эски мечит элдин демилгеси менен 1993-жылы эки  чоң  бөлмөлүү  болуп курулган эле. 2011-жылы Агартуу айылына заманбап үлгүдөгү мечити курулуп, эски мечит имараты бошотулат. Эски имаратты оңдоп-түзөп, балдар бакчасына айлантуу үчүн жергиликтү  бийлик 100 миң  сом бөлүп,  бакчага ылайыкташтырылган.

Жаңы мечит имараты
Жаңы мечит имараты

“Агартуу айылындагы эски мечиттин жанына бала бакчасын кеңейтүү максатында кошумчалап жаңы имарат курулду. АРИС уюмунун каржылоосу жана калктын өз үлүшү менен ишке ашырылды. Жалпы 4 млн сом  коротулган: АРИС тен 2 млн, жергиликтүү меценат 1 млн сом берген, калганы калктын кошумчасы“,- деди Жоош айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Абдыкаар Кайыпов.

Жогорку  тайпанын   тарбиячысы Чынара Аликанова  бакчада бий, жазуу, окууга  үйрөтө турган ийримдер бар экенин айтат.

“Балдарга орус тили, музыка боюнча атайын сабактар өтүлөт. Мектепке чейин эле балдар жазып, окууга даяр болуп, башталгыч класска барышат”,- дейт Чынара айым.

“Мен - Нурболот.   5 жаштамын.  Бакчада бийлейбиз, ырдайбыз, пластилин ойнойбуз. Мен бийлегенге, ырдаганга кызыгам”,- дейт тарбиялануучу.

Кара-Суу районунда 5 миңден ашуун бала бакчада тарбияланат.
Кара-Суу районунда 5 миңден ашуун бала бакчада тарбияланат.

Афия  4 жашта. Ал сүрөт  тартып, бийлеп-ырдаганга шыктуу.

5 жаштагы Бексултан “Манас” айтып, колдо ар кыл оюнчуктарды жасай алат.

Жогорку тайпада 30, кенже тайпада 30 бала бар. Бакча эрте мененки  8ден кечки 5ке чейин иштейт.

Кечээ жакында Жоош айыл өкмөтүнүн Кайрат айылында жергиликтүү активист Бекешовдордун үй-бүлөсү 9 бөлмөлүү өз үйүн балдар бакчасына айлантты. “Ай нуру” бакчасында 60 бала тарбияланууда. Буга чейин айылда бала бакчасы болгон эмес.

Кайрат айылындагы бакчага берилген турак-үй
Кайрат айылындагы бакчага берилген турак-үй

Ал эми ушул эле айыл өкмөттүн Кызыл-Кошчу айылында жаңы мектеп курулуп, эски имараты 60 орундуу бала бакчага айлантылды. Оңдоп-түзөө иштери үчүн жергиликтүү бийлик 150 миң сом ажыраткан.

Жоош айыл өкмөтү балдардын бир күндүк тамак-ашы үчүн 5 сомдон бөлөт. Ата-энелердин взнос төлөмү менен кошо эсептегенде, баланын тамак-ашы 25 сомго туура келет.

Кара-Суу районунун билим берүү бөлүмүнүн балдар бакчасы боюнча адиси Кулпунай Камалованын айтымында  район боюнча жалпы 45 бала бакча  иштейт. 5 миңден ашуун бала бакчада тарбияланат.

Автор: Нургазы Батыров

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева