Өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органы Кыргызстандын Жогорку сотунда оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлери — депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго карата чыгарылган актоо өкүмүнүн жокко чыгарылышын талап кылды.
Башкы прокуратура 17-июнда депутаттарды актаган Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча көзөмөлгө алуу көрсөтмөсүн киргизди.
«Көзөмөлгө алуу көрсөтмөсү чыгарылган өкүмдөр жана апелляциялык инстанциядагы соттук отурумдун протоколу менен таанышкандан кийин киргизилди. Ал протоколдун көчүрмөсү Бишкек шаардык соту тарабынан соттук отурумдун протоколдору берилбегендиги жөнүндө Башкы прокуратура маалымат жарыялагандан кийин гана сот тарабынан берилген», — деп белгилейт Башкы прокуратура.
Буга чейин өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органы «ата-журтчуларга» чыгарылган өкүм «басымдар астында» чыгарылгандыгын билдирген.
«Актоо өкүмү соттук коллегия тарабынан, аларга сот залы менен Бишкек шаардык сотунун жанындагы адамдардын басымы астында чыгарылган. Өкүм чыныгы шарттарга дал келбейт жана кылмыш иши боюнча тергөө органдары тарабынан чогултулган далилдерге каршы келет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Бишкек шаардык соту депутаттарга карата 24-июнда өкүм чыгарышы керек болчу, бирок оппозиционерлердин тарапташтары 17-июндагы отурумда судьяга гезит, желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, Ташиев, Мамытов жана Жапаровдордун акталышын талап кылышкан.
Анда судья сот жообуна тартылып жаткандардын күнөөсү жок деп тапкан. Алар сот залынан эркиндикке чыгарылышкан.
Судья өз чечимин прокурор тарабынан тагылып жаткан айыптарда кылмыштын курамынын жоктугу менен түшүндүргөн.
«Ата-Журттун» лидерлерин «күч колдонуп бийликти басып алуу» беренеси боюнча актап, аларга карата «эл алдында конституциялык түзүмдү өзгөртүү чакырыктарын айттуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши токтоткон.
«Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор өткөн жылдын октябрында «Кумтөр» алтын кенинин улутташтыруу талабы менен өткөн митингдин жүрүшүндө «күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталышкан.
Марттын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттарын күнөөлүү деп тапкан.
Автор: Зарема Султанбекова