Көлбаев айыкканга чейин анын кылмыш иши токтотулду

fotografiya

Криминал авторитети Камчы Көлбаев тергөө абагынан Биринчи май райондук сотунун имаратына дагы алынып келинген жок. Ал дарыланып бүткөнгө чейин сот териштирүүлөрдү токтотту.

Жактоочу Сергей Манукян судья Абдыраззак Боромбаевге ал жактоого алган кримавторитеттин оорусу тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынын дарыгери жазып берген маалымкатын көрсөттү. Анда Көлбаевге толугу менен медициналык текшерүүдөн өтүшү керектиги сунушталган.

Криминал авторитети башы ооруп, далысы сайгылашып жатканын айтып, даттанууда.

Манукян соттон Көлбаевдин текшерүүдөн өтүп, дарылануусу үчүн аны №47 ооруканага которуусун, ошондой эле ал жактоого алган адам ооруканадан чыкканга чейин соттук териштирүүлөрдү токтото туруусун өтүндү.

Прокурор жактоочунун бул өтүнүчүнө каршы болгон жок.

Сот Көлбаев айыкканга чейин кылмыш ишин токтото туруу чечимин кабыл алды.

Көлбаев

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы соттук процесс эмес.

Ал 90-жылдардын аягында кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Зарема Султанбекова