Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримавторитет Азиз Батукаевдин бошотулушуна атайын кызматтын башчысынын тиешеси бардыгы жөнүндө мурунку акыйкатчынын айткандарын четке какты.
28-июнда УКМКнын басма сөз кызматы криминал авторитети Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна атайын кызматтын төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин тиешеси бардыгы тууралуу мурунку акыйкатчы Турсунбек Акундун айткандарын четке какты, — бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдирүүсундө жазылган.
«Биз Т.Акундун айткандары өзүнүн жеке аракеттерин актоого багытталган деп эсептейбиз», — деп жазылган атайын кызматтагылардын билдирүүсүндө.
Буга чейин бир катар ММКлар УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев, президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев жана башкы прокурор Аида Саляновалардын Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бардыгы тууралуу Акундун айткандын басып чыгарышкан.
Акундун айтымында, Батукаев бошотулган күндүн эртеси ага Табалдиев телефон чалып, бул боюнча журналисттерге түшүндүрмө берүүсүн өтүнгөн.
«Иштин жөнү мындай, алар [Табалдиев, Нарымбаев, Салянова] ал бошотуу жөнүндө элге менин айтышымды каалашкан. Эгер ал тууралуу биз айтсак эл туура эмес түшүнөт деп, тактап айтканда, алар өздөрүн бул ишке тиешеси бар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катары айтышкан. Алар менин аркаман менен аппак жана үлпүлдөк көрүнгүлөрү келип, мени коомчулуктун алдында жаман көрсөтүүнү каалашкан», — деп жазган «Азаттык» Акундун айткандарын.
Экс-акыйкатчы реанимацияда жаткандыктан комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.
Батукаевдин бошотулушу
Криминал авторитети Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда 9-апрель күнү эркиндикке чыгарылган — мындай чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.
Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.
Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтөө боюнча иш алып барган депутаттык комиссия коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча мурунку вице-премьер, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, ИИМдин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчылары, Нарын шаардык сотунун судьясы жана акыйкатчы криминал авторитетин бошотууга “катышкан”деген чечим чыгарып, премьер-министрге аларды кызматтарынан кетирүүнү сунуштаган.
Жогорку Кеңеш Акунду 27-июнда көпчүлүк добуш менен кызматынан кетирген.
Автор: Айзирек Алмазбекова
Редактор: Айдай Токоева
Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды