Жогорку Кеңеш акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кетирди

akun

Парламентарийлер Турсунбек Акунду “кримавторитет Батукаевге жардам кылгандыгы жана өз кызматкерлерин негизсиз жумуштан кетиргендиги” үчүн мөөнөтүнөн мурда акыйкатчы кызматынан бошотушту. Учурда укук коргоочу реанимацияда жатат.

Жогорку Кеңеш партиялардын жыйынында Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда акыйкатчы кызматынан кетирүү боюнча парламенттик комиссиянын отчетун укту. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Комиссия башчысы, “республикачы” Абдыжапар Бекматов билдиргендей, Акунду мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн 57, ал эми каршы 20 эл өкүлү добуш беришкен.

Бул маалыматты “Ар-Намыстын” депутаты Дастан Бекешев өзүнүн “твиттер-эккаунтуна” добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялап, ырастады.

Укук коргоочунун мөөнөтүнөн мурда кетирилишинин себеби “Акун тарабынан акыйкатчынын антынын бузулушу жана акыйкатчы институтунун кадыр-баркынын төмөндөп кетиши”, деп жазылган парламенттин билдирүүсүндө.

Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү Акунду эркиндикке чыгарылаары менен Кыргызстандан чыгып кеткен “мыйзамдагы” ууру Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда чыгаруу боюнча бир нече жолу Нарын шаардык сотуна кайрылган деп айыптап жатышат.

Бекматов “акыйкатчынын бул аракети акыйкатчы институтунун кадыр-баркын төмөндөтүп, ал берген антында көрсөтүлгөн милдеттеринин аткарылышынын акыйкаттуулугу менен ак ниеттүүлүгүнөн шек туудурат” деп эсептейт.

Укук коргоочу дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, комиссиянын корутундусун туура эмес деп табуу жөнүндөгү доо арызын Бишкектин райондор аралык сотуна жөнөттү, деп жазылган акыйкатчы институтунун сайтында.

Добуш берүү маалында укук коргоочу парламенттин фойесинде болгон, анан “күтүүсүздөн эле ал өзүн жаман сезип”, аны тез жардам кызматы менен алып кетишти, деп жазат К-ньюс агенттиги.

kloop.kgнин кабарчысы Акундун өзү менен байланыша алган жок. Анын телефонуна чалганыбызда бейтааныш адам алып, экс-акыйкатчынын жооп берүүгө алы жок экенин билдирди.

“Ал өзүнө келе элек. Кечиресиңер, дарыгерлер өтө көп, интервью бере албайм”, — деп шыбырады ал.

Бул Турсунбек Акунду өлкөнүн башкы акыйкатчылыгынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча алгачкы аракет эмес. Буга чейин парламентте аны бошотуу боюнча эки комиссия түзүлгөн.

“Ар-Намыс” фракциясы өткөн жылдын май айында укук коргоочуну мөөнөтүнөн мурда акыйкатчы кызматынан бошотууну сунуштаган. Бирок ал анда ордунда калып, 2013-жылдын 23-январында экинчи мөөнөткө шайланган жана кызматында дагы беш жыл калышы керек болчу.

Депутаттар 2011-жылдын апрелинде да Акунду мөөнөтүнөн мурда өлкөнүн башкы укук коргоочусу кызматынан кетирүү боюнча парламенттик комиссия түзүшкөн. Ал анда да депутаттардын добуштарынын жыйынтыгы менен кызматында калган.

Бул боюнча азыркы депутаттык комиссия 2013-жылдын 6-июнунда, Батукаевдин Чеченстанга учуп кетиши боюнча иш алып барган комиссиянын отчетунда акыйкатчынын аты аталгандан кийин түзүлгөн.

Батукаевдин бошотулушу

Криминал авторитети Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда 9-апрель күнү эркиндикке чыгарылган — мындай чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтөө боюнча иш алып барган депутаттык комиссия коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча мурунку вице-премьер, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, ИИМдин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчылары, Нарын шаардык сотунун судьясы жана акыйкатчы криминал авторитетин бошотууга “катышкан”деген чечим чыгарып, премьер-министрге аларды кызматтарынан кетирүүнү сунуштаган.

Автор: Айдай Токоева

Редактор: Александра Ли