Ошто айыл жергесин көтөрүүгө тышкы-ички инвестиция тартылууда

2

Ош облусунун 7 район акими жана айыл округ башчылары Кара-Суу районунда чогулушту. Жоош айыл өкмөтүндө тышкы жана ички инвестиция тартуу, аткаруучулук тартипти көзөмөлдө боюнча иш-чара өттү.  Катышуучулар Жоош айыл өкмөтүндө  жаңыдан ачылган бир нече бала бакчаны жана спорттук аянтчаларды кыдырышты.

Кара-Суу районунун Большевик, Агартуу жана Кайрат айылдарында спорттук комплекс, спорт залдары жана бала-бакчалардын   расмий ачылышына башка район жетекчилери да күбө болушту. Бул курулуштар ички жана тышкы каржылоонун негизинде ишке ашырылган.

Кайрат айылындагы жаңы бала бакчада 60 бала тарбияланууда
Кайрат айылындагы жаңы бала бакчада 60 бала тарбияланууда

ЮСАИД уюму  Кара–Суу шаарын жана айылдарды өнүктүрү максатында 89 миң  АКШ доллары жана  айылдардагы мектеп, бала бакчаны оңдоого 10 млн сом, ал эми район акимиятынын кичи залын заманбап кылып жабдууга 15 миң АКШ долларын бөлгөн.

“Ушул күз айларына чейин  Киров жана Тельман айылдарын таза суу менен камсыздоо долбооруна 15 млн сом бөлүү боюнча долбоор иштелип жатат”,-деди ЮСАИД уюмунун Кара-Суу районундагы кеңсесинин жетекчиси Турусбек Матиев.

Район акими Тилекбек Матраимов  бир эле тышкы инвестиция менен иштеп токтоп калбастан ички резервди да туура пайдаланып, керектүү жакка жумшаса болорун айтат.

“Жоош айыл өкмөтүндө социалдык маселелерди чечүү, мисалы: жолдорду, балдар бакча  имараттарын куруу ички инвестициялардын негизинде ишке ашырылды. Бала бакча, спорт комплекстерине  мамлекет 8 млн сом, айыл өкмөтү 70 млн сом ажыратты. Жоош айыл өкмөтүндө  быйыл  4 бала бакча ачылат”,- деди аким Т.Матраимов.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Сооронбай Жээнбековдун билдиришинче,  айыл жергесинде башкы багыт - мектепке чейинки  билим сапатын көтөрүү  жана инвестиция тартуу.

“Эң негизги  максат  - социалдык министрликти өнүктүрүү жана аткаруучулук тартипти чыңдоо. Республикалык  бюджетти карап олтурбастан инвесторлор жана ички резерв  менен иштеп жатабыз. Резервти туура пайдаланууда эң керектүү жактарга жумшалышы керек. Бюджети аз жана бюджети көп айыл өкмөттөрдүн иш-аракетин  карайбыз. Каражатты туура пайдалануу,  социалдык тармакта кандай шарттар түзүлгөн, жалпы жыйынтыкты күзүндө чыгарабыз”,- деди С.Жээнбеков.

Тышкы жана ички инвестиция тартуу боюнча район башчылары тажрыйба алмашууда
Тышкы жана ички инвестиция тартуу боюнча район башчылары тажрыйба алмашууда

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн  айыл башчысы  Арзыбек  Жороев мындай тажрыйба алмашуулар зарыл экендигин белгилейт.

“Көп жакшы жактарын алса  болот, элге түзүлгөн шарттар  жакшы. Спорттук комплекстер мыкты курулган. Айыл өкмөттө 13 айыл болсо, анын 8 айылында бала бакча иштегени таң калтырды. Аябай чоң өсүш десем болот. Бизде Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө 5 бала бакча иштейт. Анын 3өө типтүү, Союз мезгилинде курулган. Союз урагандан кийин өзүбүз 2  бала бакча уюштурганбыз. Биз дагы  ички инвестиция тартып, айыл жерин көтөрүүгө планыбыз бар”,- деди А.Жороев.

Ички жана сырткы инвестиция тартуу менен айыл жергесин көтөрүүгө багытталган мындай иш-чаралар буга чейин Алай, Араван райондорунда өткөн. Күзгө чейин Өзгөн, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда да өтөрү мерчемделген.

Автор: Нургазы Батыров

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева