Бишкектеги эң популярдуу коворкинг аянттарынын бири болгон «163-үй» 6-июлда жабылат — долбоордун жаратуучулары анын жабылышы имараттын ээси менен болгон көйгөйлөргө байланыштуу экендигин билдиришти.
«163-үйдүн» сайтында Бишкектин чыгармачыл жаштары иштеп, эс алчу коворкинг жайы жабылгандыгы тууралуу билдирүү пайда болду.
«Ижара берүүчү биздин жаш бизнесибизге бир топ эле таасирин тийгизе турган шарттарды койду. Көптөгөн эсептөөлөр менен ойлонуулардан кийин чечим кабыл алдык», — деп жазылган коворкинг сайтында.
«163-үй» мурунку режим боюнча 30-майга чейин гана иштейт, ал эми расмий түрдө 6-июлда жабылат.
Уюм эмеректери менен ички жасалга буюмдарын сатып жиберүү чечти.
«Биз “163-үйдү” иштеп, бош убакытты өткөрүп сүйлөшүп кетүүчү жай катары жети ай бою негиздегенбиз. Биз коворкинг идеясын Бишкекке жайылтып, бош убакытты өткөрүүнүн альтернативасы катары түрдүү иш-чараларды уюштурганбыз. Биздин бул максатыбыз ишке ашты окшойт», — деп жазылган коворкингдин сайтында.
«163-үйдүн» администрациясы Kloop.kgге ижара берүүчүсүнүн байланыш даректерин берген жок.
Коворкингде отуруп бир мүнөт иштөө үчүн 1 сом, бир жума үчүн — 1000, бир айга — 4500 сом, ал эми жылына — 1000 АКШ долларын төлөө керек болгон. Коворкинг 11 ай иштеди, алардын төрт айы оңдоо иштерине корогон.
Бишкек жаштары үчүн «163-үйдүн» жабылышы жөнүндөгү маалымат жагымсыз жаңылык болду.
«Ал жердеги оңдоо иштери жөнүндө угаарым менен менде ижарага берүүчү ушул сыяктуу бир нерсе кылат деген сезим пайда болгон. Өкүнүчтүү. Жакшы жай болчу, бирок башка жер деле табылаар», — деп жазган «Фейсбук» социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Регина Сарибжанова.
Бишкек шаарынын башка жашоочусу Нурия Чойбаева: «Ижарачылар. Ушундай. Аракеттерин алдын ала биле тургандай эле адамдар», деп жазган.
Бирок «163-үй» үмүтүн жоготкон жок: «Биз “163-үйдүн” идеясын токтотпойбуз, мүмкүн качандыр бир күнү болуп калаар», дешет.
Автор: Зарема Султанбекова
Сүрөт «163-үйдүн» «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды