Качып жүргөн казак министри «мыйзамсыз» кыргыз жарандыгын алган

mamytov-tashiev-japarov

Казакстандын издөөдө жүргөн мурунку энергетика министри Мухтар Аблязов башка адамдын ысымы менен «мыйзамсыз» кыргыз паспортун алган. Бул маалыматты Каттоо кызматынын төрагасы ырастады. Атайын кызматтагылар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Качып жүргөн казак чиновнигине документтин берилгендигин «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев ырастаган.

«Схеманын бардыгы ачыкка чыкты. Биз Мухтар Аблязов кайсы ысымга ID-карта алгандыгын, ким ортомчу болгондугун жана бул үчүн ага канча акча төлөнгөндүгүн аныктадык. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал маалыматтарды ачыктай албайм. Кийинчерээк билдиребиз», — деп жазган басылма Сапарбаевдин айткандарын.

«Вечерний Бишкек» Мамлекеттик каттоо кызматындагы жеке булактарына шилтеме жасап, Аблязовго паспорт Нурдин Осмонов деген ысым менен берилгендигин жазган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалымат менен тааныш эместигин билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты.

Мухтар Аблязов — Казакстандын мурунку энергетика, өнөр жай жана соода министри. Ал кызматынан кеткенден кийин БТА банкта иштеген. Текшерүүлөрдүн биринен кийин аны 4 миллиард АКШ доллар өлчөмүндөгү каражат менен алдамчылык жасаган деп айыпташкан.

Аблязов 2009-жылдын февралында Казакстандан чыгып кетип, казак бийлиги аны өткөрүп берүүнү талап кылганга чейин Улуу Британияда жашырынып жүргөн.

Лондондун Жогорку соту Аблязовду өткөрүп берүү чечимин чыгарган, бирок экс-министр өлкөдөн чыгып кеткен жана анын азыр кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Өткөн жылдын декабрь айында негизги инвестору Аблязов болуп саналган К+ телеканалынын Казакстандын аймагында көрсөтүшүнө тыюу салынган. К+ 2011-жылдын декабрында Жаңы-Өзөндө болгон окуяларды активдүү чагылдырган жана оппозициялык телеканал катары эсептелчү.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Мухтар Аблязовдун жубайы менен кызы Италияда жасалма документ менен жүрүшкөн делинип, Казакстанга депортацияланган.

Автор: Хлоя Гейне

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды