Лебедев: Бишкектин шаардык түзүлүшү «көңүл чөгөрлүк»

mamytov-tashiev-japarov

Рунеттин популярдуу блоггерлеринин бири, дизайнер Артемий Лебедев өзүнүн Бишкекке болгон саякаты жөнүндөгү пикирин басып чыгардыал шаардын түзүлүшүн «көңүл чөгөрлүк» деп эсептейт жана андан Кыргызстандын борборун жашыл бактары гана куткарып турат деген пикирде.

Лебедев Бишкекке 3-июнда келген, бирок шаар жөнүндөгү пикирин бир ай өткөндөн кийин басып чыкты.

Блоггер Кыргызстандын борбору «укмуштуудай» жана «фантастикалуу» жашыл экенин жана бул шаарды «көңүл чөгөрлүк» көрүнүшүнөн куткарып турган жалгыз нерсеси экендигин жазган.

«[Бишкек] ушунчалык жашыл шаар экен, нөшөрлөп жааган жаанда бир бактын түбүнө туруп алсаң суу болуп калам деп корпойт экенсиң», — деп жазат ал.

Лебедевдин Бишкек жөнүндөгү жазганынын калган бөлүгү — фактылардын констатациясы. Ал шаардагы көчөлөрдү бойлой Алма-Ата менен Тегерандыкындай арыктар казылгандыгын белгилеп, окурмандарын Бишкектин мүнөздүү таштанды салгычтарынын, троллейбустарынын, светофорлорунун, түштөнүп жаткан борбордук универсалдык дүкөндүн сатуучусунун сүрөттөрүн көрүүгө чакырат.

Блоггер аягына чымындарды кармоо үчүн борбордун парктарына илинген сары жабышкак кагаздарды калтырган.

«Саякатчы шаардагы майда-чүйдөгө чейин байкайт — көчөлөргө илинген курт-кумурскаларды кармоочу жабышкак кагаздарга чейин. Ар бир эс алуу жайындагы бактарда жабышкак кагаздар илинип турат. Кыргыздар курт-кумурскаларга каршы», — деп жазган Лебедев.

Мэриянын басма сөз кызматынан блоггердин борбор жөнүндөгү билдирүүлөрүн окуй электиктерин Kloop.kgге айтышты.

Лебедев дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болуп кайткан, бирок Кыргызстанга биринчи жолу келиши.

Ал «Живой журналдагы» белгилүү блогу менен жеке сайтына өзүнүн саякаттары жөнүндө жазат. Дизайнер планетанын бардык өлкөлөрүндө болуп кайтууну максат кылган.

«Живой журналга» tema деген ысым менен катталып жазган Лебедев өзүнүн кайраттуу билдирүүлөрү менен белгилүү — мисалы, Украинанын Винница деген шаары тууралуу фотоотчетунда ал шаарды «дүйнөдөгү эң үрөй учурчу маанисиз шаар» деп атаган.

Бирок Лебедев жалаң эле жаман жактарын айтпайт — Украинанын Черновцы деген башка шаары андан «фантастикалуу кооз шаар» деген мактоого ээ болгон.

Ал Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөн Казакстанда 2010-жылы өтө көп убакыт болгон.

Лебедевдин комментарийлеринен эң көп жабыр тарткан шаар Астана болгон.

«Астана партиялык башкаруунун жагымсыз, суук, адам аз, шамал согуп турган болбогон эстелик», — деп жазган ал Казакстандын борбору жөнүндө өзүнүн баракчасына.

Бирок Лебедев 2005-жылы келип кеткен Алматы шаарын «көңүл тынчыткан» шаар деп атап, анын тоолорун гана мактаган.

Лебедев “Артемий Лебедевдин көркөмдөө студиясынын” негиздөөчүсү болуп саналат. Ал студиясы экөө бүгүнкү күндө бүткүл интернетте пайдаланылып жаткан бир катар техникалык табылгалардын автору болуп эсептеле тургандыктарын билдирип келет.

Лебедевдин Бишкекке келиши мүмкүндүгү жөнүндө алгачкы билдирүү пайда болгондо Кыргызстандын борборунун мэриясындагылар шаар блоггерге жагат деп ишенишкен.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттө Артемий Лебедев (сол жактан экинчиси) бишкектиктер менен.