Ош облусу: Чагылган түшүп 350дөн ашык кой өлдү

59066-1

Ош облусунун Кара-Кулжа айылына түшкөн чагылгандан улам 355 кой өлдү. Жергиликтүү жашоочулардын арасында жабыр тарткандар жок.

Окуя болгон 26-июнь күнү жайытта эки малчы менен миңден ашык кой болгон — бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, малчылар койлордун көпчүлүк бөлүгүн куткарып калууга жетишишкен, бирок чагылган 355 койго тийип алар өлүп калышкан.

Бул маалыматты Kloop.kgге берген маегинде Кара-Кулжа районунун башчысы Султанбек Баимбетов ырастады.

Ал койдун эттери жегенге жараксыз болуп калгандыгын кошумчалады.

Жалпы чыгым эки миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Бул койлордун кырылышына аба ырайы себепкер болгон биринчи учур эмес. Июндун ортосунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жааган кардан улам 201 кой өлгөн.

Анда Тоң районунда абанын температурасы 1 градуска чейин төмөн түшүп кеткен, ойдуң жерлерде 4 градус жылуу болгон

Жалпы келтирилген чыгым 1 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Койдун эттери да бузулуп кетип, аны жегенге мүмкүн болбой калган.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Айдай Токоева

Сүрөт: «K-News»