Ош шаарындагы телеканалдын кызматкерлери «экстремизмге» шектелип жатышат

hizbut-tahrir

Милиция интернетке «экстремисттик» тасмаларды жайгаштырып келген топтун мүчөлөрүн кармады. ИИМдин маалыматы боюнча, кармалгандардын арасында Ош шаарындагы телеканалдын режиссеру менен оператору, ошондой эле жергиликтүү билим берүү мекемелеринин студенттери бар.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кармалгандар кыргыз тилине которулган «экстремисттик» тасмаларды даярдап, аларды «Билайв» жана «Ютуб» сыяктуу видео-шеррингдик платформаларга жайгаштырып келишкен.

«Видео тасмалар эл аралык экстремисттик жана террористтик уюмдардын белгилүү лидерлеринин адабияттарындагы, экстремисттик уюмдардын сайттарындагы маалыматтарды колдонуу менен даярдалган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

ИИМ кармалгандардын арасында жергиликтүү телеканалдын жумушчулары болгондугун билдирүүдө.

«Алардын бирөөсү телеканалдардын биринде жаштар программасынын режиссеру, а экинчиси мурун ошол эле жерде оператор-монтажчы болуп иштеп кеткен», — деп жазылган пресс-релизде.

Ички иштер министрлиги кармалгандар кайсыл каналдын жумушчулары болгондугун тактап билдирген жок.

Шектүүлөрдүн арасында Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык колледждин, Ош медициналык окуу жайынын жана Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун студенттери да болгон.

Комментарий алуу үчүн билим берүү мекемелери жеткиликсиз болууда.

Мекеме учурда тасмалардын Кыргызстандын аймагында таркатылышына видео-шеррингдик платформалардын ээлеринин тиешеси бар-жоктугун текшерип жатат.

«Жогорудагы кылмыш ишинин алкагында «kg» зонасындагы аталган сайттардын ээлеринин тиешелери бардыгы текшерилип жатат. Ал сайттардын түрдүү рубрикаларында ар дайым шектүү материалдар, тактап айтканда, диний-экстремисттик жана террористтик идеяларды камтыган видео тасмалар чыгып турган», — деп билдирет ИИМ.

Автор: Хлоя Гейне