Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстанга оролгон кездеме алып өтүүгө аракет кылган эки адамды кармашты. «Аткезчиликке» шектелгендер бажычыларга өткөрүлүп берилди. Аларга карата кылмыш иши козголду.
«Аткезчилер» 2-июнь күнү, кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалышты — бул тууралуу чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, кыргызстандыктар оролгон кездемелерди «Дэу Дамас» үлгүсүндөгү эки унаа менен чек арадан алып өтүүгө аракет кылышкан.
Кыргызстандыктар өлкөдөн жалпы суммасы 140 миң сомду түзгөн кезедеме алып өтүүгө аракет кылышкан.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев Kloop.kgге кармалган адам «аткезчилик жол менен» алып бара жаткан жүгү менен кошо Кызыл-Кыянын бажычыларына өткөрүлүп берилгендигин билдирди.
Ал аларга карата «чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүү» жана «аткезчилик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгондугун айтты. Мындай кылмыш үчүн Кылмыш жаза кодексинде беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Бул кыргыз-өзбек чек арасынан биринчи жолу аткезчилик менен жүк алып өтүү аракети эмес.
Марттын башында Кыргызстандын жараны кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу жалпы суммасы 20 миң сомдук жүктү «аткезчилик жол менен» алып өтүүгө аракет кылган.
Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, анда кармалган адам чек арадан элдик керектөө товарларын алып өтүүгө аракеттенген.Кыргызстандыктын эмне алып бара жаткандыгы так айтылган эмес.
Автор: Хлоя Гейне
Редактор: Айдай Токоева