Чүй облусу: Беш дүлөй адам кулагы укпаган майып үй-бүлөгө кол салышкан

militsiya

Милиция дүйлөйлөрдүн үй-бүлөсүнө кол салып, тоноого аракет кылган угуу жагынан майып беш адамды кармашты. Алар дагы бир нече тоноолорго катышкан деп шектелип жатышат. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайда камакта.

Беш дүйлөй адам Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Энергетик» айылында жашаган угуу жагынан майып үй-бүлөнү тоноого аракет кылышкан – бул тууралуу Чүй облустук ИИББсинин басма сөз кызматынын башкы тескөөчүсү Айбек Арзиматов билдирди.

Ал ыкчам топ пландалып жаткан бул кол салуу жөнүндө алдын ала билгендиктерин жана шектүүлөрдү үч күн бою аңдып жүргөндүктөрүн билдирди.

«28-июндан баштап ыкчам топ аталган райондо талоончулук, каракчылык менен алектенип жүрүшкөн ал адамдарды колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. Үчүнчү күн дегенде, 1-июнда алар талоончулук кылып жаткан учурда кармалышты», — деди Арзиматов.

Басма сөз кызматкеринин айтымында, милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн чын эле жабырлануучуларга кол салат деп күтүшкөн эмес.

«Алар [кармалгандар] электршокерлер менен куралданышып, колго жасалган кара беткаптарды кийип алышкан. Алар бул аракеттеринин жүрүшүндө дүлөйлөр үй-бүлөсүн тоногулары келген, арыздануучу менен анын жолдошун элетршокери менен бир нече жолу урууга жетишишкен», — деди Арзиматов.

Тергөөчүлөр бул тоноо жабыр тартуучунун мурунку жолдошунун буйрутмасы менен жасалышы мүмкүндүгүн айтып жатышат. Тергөө иштери уланууда.

Учурда кармалгандардын бардыгы тең Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта.

Комментарий алуу үчүн шектүүлөрдүн жактоочулары жеткиликсиз болууда.

Автор: Айдай Токоева