Чолпон-Ата: Милиционерлер менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы мушташтан киийн РИИБи башчысы кызматынан кетти

Image-7

Ысык-Көл райондук ИИБсинин башчысы Бакыт Матмусаев жергиликтүү тургундар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда орун алган мушташтан кийин ээлеген кызматынан кетти. Комментарий алуу үчүн ал жеткиликсиз болууда.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Матмусаев 3-июлда өз калоосу менен кызматынан кетүүнү чечти — бул тууралуу ИИМдин Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ал 30-июндагы милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда болгон мушташтан кийин Матмусаев кызматынан кетүү чечимине келгендигин айтты.

Усубакунов Матмусаев кызматынан кеткени менен милицияда кызмат кылуусун улантып жаткандыгын билдирди.

Басма сөз катчы мушташтын чыгышына чолпон-аталыктар менен скутер ижарага берүүчүлөрдүн ортосундагы пикир келишпестик себеп болгондугун айтты.

«Бир тарап скутерлерди жергиликтүү балдарга ижарага бергиси келбей койгондон кийин алар анын ээлерин сабап салышкан. Кечинде болсо скутер ээлери териштирүү үчүн барып мушташ башташкан», — деп түшүндүрдү Усубакунов.

ИИМдин маалыматы боюнча, мушташка болжол менен 20-30дай киши катышкан. Качан окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда мушташып жаткандар аларды «сабап» башташкан.

«Алар милиционерлерди сабап, унааларына таштарды ыргыта башташкан», — деди Усубакунов.

Укук коргоо органынын кызматыкерлери мушташып жаткандарды токтотуу үчүн эскертүү катары асманга ок чыгарышкан, андан соң аларды кармап, РИИБ имаратына алып барышкан.

Усубакунов милиция имаратына 100-150дөй адам келип, кармалгандардын бошотулушун талап кылгандан кийин аларды кое беришкендигин айтты.

«Кырдаал курчуп кетпеши үчүн аларды [кармалгандарды] кое бердик», — деди Усубакунов.

Комментарий алууга Матмусаевдин өзү жеткиликсиз болууда.

РИИБинин нөөмөт бөлүмүнөн жетекчисинин кызматтан кеткендигин ырастаган да, четке кагышкан да жок.

«Биз комментарий бербейбиз. Ал жумушка келген, бирок азыр жок, түштөнүү үчүн чыгып кетти», — деп билдирди нөөмөтчү

Автор: Александра Ли