Чолпон-Ата: Митингчилер Бишкек-Каракол унаа жолун ачышты

doroga

Мушташ уюштургандыктары үчүн кармалгандардын туугандары жакындарынын бошотулушун талап кылып Бишкек-Каракол унаа жолун тосуп алышкан. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылды.

20-30дай киши Бишкек-Каракол унаа жолун камактагы туугандарынын бошотулушун талап кылып 3-июль күнү тосуп алышкан. Алардын туугандары мушташ уюштуруп, милиционердин денесине зыян келтиришкен делинип кармалышкан — бул тууралуу Чолпон-Ата шаарынын мэри Болот Бакиров билдирди.

Ал Kloop.kgге берген маегинде жергиликтүү депутаттар жана милиция кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылгандыгын айтты.

«Дароо эле ачышты, болжол менен тосулганына бир саат болгондон кийин эле», — деди Бакиров.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде 2-июлда митингчилердин туугандары мушташ үчүн кармалгандыктарын айтты.

Ал 30-июнь күнү жергиликтүү тургундар шаардын көчөлөрүнүн биринде мушташ баштагандыктарын билдирди. Айтымында, ал маалда жолдон милиция кызматкерлери өтүп бара жатышкан, алар мушташып жаткандарды ажыратууга аракет кылышканда беркилер таштарды ыргытышкан.

Милиция кызматкерлери кол салгандарды жоошутуу үчүн асманга ок чыгарып баштагандан кийин алар окуя болгон жерден качып кетишкен. Жаңжалдын себептери белгисиз.

Митингчилердин туугандары Бишкекте жашырынып жүрүшкөндүктөн аларды эки күн өткөндөн кийин гана колго түшүрө алышкан. Алар Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалышты.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү мушташтын жыйынтыгында милиция кызматкерлеринин бири жараат алып, ооруканага жаткырылганын кошумчалады.

Милиция митингдин катышуучуларынын туугандарын 2-июль күнү кармашкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда камакта.

Комментарий алуу үчүн кармалгандардын жактоочулары жеткиликсиз болууда.

Автор: Шахида Дүйшеева