doroga

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакын адамдарынын бири Пайзулла Рахманов 10 жыл абакта болотаны 2010-жылдагы апрель ыңкылабы маалында Жалал-Абад облусунун губернаторунун кызматын басып алган деп күнөөлөштү. Анын убактылуу кармоочу жайда өткөргөн бир күнү эки күн катары эсептелинди.

Рахмановду «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга», «кызмат адамынын бийлигин же наамын өзүмбилемдик менен ээлеп алууга», «массалык башаламандыктарды уюштурууга» жана «бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбөө чакырыктарын жасоого» күнөөлүү деп табышты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ага карата катаал режимдеги абакка 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Рахманов өткөн жылдын 15-июнунда Казакстандын Жамбыл облусунда кармалган — андан бери ал убактылуу кармоочу жайда камакта жаткан.

Убактылуу кармоочу жайда өткөргөн бир күн абактагы эки күн катары эсептелгендиктен соттолгон адам дагы 10 жыл абакта болот.

Ошондой эле Рахмановду Жалал-Абад мамлекеттик администрациясына 12 миң сом жана Жалал-Абад ички иштер башкармалыгына 25 миң сом төлөп берүүгө милдеттендиришти.

Өкүм боюнча он күндүн аралыгында Бишкек шаардык сотуна даттанышса болот.

Тергөөнүн жана соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Рахманов бир дагы берене боюнча өзүнүн күнөөлөрүн мойунуна албай эле болчу.

Kloop.kg анын жактоочусу менен байланыша алган жок.

Мамлекеттик айыптоочу ага жаза катары 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылган.

Эки губернатор

2010-жылдын апрелинде Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин, аны колдогон митингдеринин эң ирисинде мурунку президенттин тарапташтары Жалал-Абад мамадминистрациясынын имаратын басып алышып, Рахмановду губернатор кылып дайындашкан.

Анда бир убакта эки киши – Рахманов менен убактылуу өкмөт тарабынан дайындалган Бектур Асановдор – өзүн Жалал-Абад облусунун губернатору деп эсептеп турушкан.

Рахманов администрация имаратында орун алган, а Асанов Жалал-Абаддын ички иштер башкармалыгында контролдук кылып турган.

Кыргызстандын түштүгүндөгү башаламандыктар аяктаган соң Рахманов өлкөдөн чыгып кетип, өткөн жылдын июнунда колго түшкөн.

Анын иши боюнча сот 2013-жылдын апрелинде эле башталышы керек болчу, бирок сот жообуна тартылып жаткан адамдын ден соолугу начарлап, май айынын башында реанимацияга жатып калган.

Соттук териштирүүлөрдүн узакка созулуп кетишине Рахмановдун иши боюнча күбөлөр менен жабыр тарткандардын сотко келүүдөн баш тарткандыктары да себеп болгон. А кийинчерээк алар толугу менен ага карата эч кандай дооматтары жок экендигин билдиришкен.

Автор: Зарема Султанбекова