Ошто заманбап таштанды полигону курулат

doroga

Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында депутаттар таштандыларды иштетип, зыянсыздандыруу үчүн полигон курулушуна добуш берип, колдошту. Муниципалдык кызматтар бул шаарды жугуштуу оорулардан куткараарын айтып жатышат.

Оштун аймагында таштандыларды обочолонтуп зыянсыздандыруу үчүн полигон курулат — бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Полигон 30 гектар аянтты ээлейт, долбоор боюнча, заманбап техникалардын жаңы үлгүлөрү сатылып алынат. Ал эми алынып келинген таштандылардын полигонго көп батышы үчүн алар пресстелет», — деп билдирет муниципалитет.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Шайлообек Атазовдун айтымында, жугуштуу оорулардын толкунун алдын алуу үчүн калдыктарды көмүүчү полигон шаар үчүн өтө зарыл.

«Бүгүнкү күндө биз таштандыларды талаага ыргытып келебиз, иштеп чыгып, пресстебейбиз. Таштандыдан бөлүнүн чыккан химиялык заттардын бардыгы тең топуракка кетип жатат. Бизге бул полигон керек, антпесе Ошто түрдүү жугуштуу оорулардын көбөйүү коркунучу бар», — деди Атазов шаардык кеңештин жыйынында.

Оштун вице-мэри Ильяс Ражаповдун айтымында, курулуш полигону үчүн керектеле турган каражаттын жарымын демөөрчүлөр, калган бөлүгүн шаардык бюджет жабат.

«Биз бул долбоордун үстүндө бир жылдан бери иштеп жатабыз, теориясын аныктап, кайтарымсыз негизде полигон үчүн сарптала турган сумманын 50 пайызын бере турган инвесторлорду таптык, а калган 50 пайызын биз өзүбүз төлөйбүз», — деп жазган мэриянын басма сөз кызматы.

Долбоор Cowi уюму жана Европа өнүктүрүү банкы менен биргеликте мэрия тарабынан иштелип чыккан.

Автор: Хлоя Гейне